Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Британияда өнөгөсүз өпкө илдетин жуктурган алгачкы адам катталды


Лондондогу Саламаттыкты сактоо агенттиги ал киши ооруканага жаткырылып, акырындап сакая баштаганын кабарлады. Өткөн жылдын аягында алгач Кытайда катталган жугуштуу САРС вирусу бүгүнкүгө дейре ар башка өлкөлөрдө 600дөн ашуун адамдын өмүрүн кыйып, ага чалдыккандардын саны 8000ге жакындады. Анын жайылышынан кооптонгон Орусия Кытай жана Монголия менен чек араларындагы 52 өткөрүү пунктунун 31ин жапканын жарыялады. Тайванда бейшембиде 24 саат ичинде 264 адам опурталдуу илдет менен ооруканага жаткырылды. Кытайдын бийликтери өлкөдөгү карантин режимин бузган адамдар түрмөгө камалып, калган өмүрүн темир тор артында өткөрөөрүн эскертишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG