Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Жөөт аскерлеринин огунан дагы беш палестин курман болушту


Бейшембиде 6 миңден ашуун палестиндер 1948-жылы Израиль мамлекети түзүлгөн датаны "алаамат күнү" катары белгилеп, көчөгө чыгышкан. Палестин тарап жөөт аскерлеринин огунан өлгөн беш кишинин үчөө - жаш өспүрүмдөр экенин, Газа секторундагы жөө жүрүшкө каршы аскерий акцияга жөөт армиясынын 50дөй танкы, эки аскерий учагы жана башка техникасы катыштырылганын билдирет. Израилдин өкүлдөрү бул күнкү операция палестин согушкерлерин колго түшүрүү аракеттеринин алкагында уюшулганын айтат. Сыналгы аркылуу элге кайрылган палестин лидери Ясир Арафат Израилдин бул күнкү операциясын бузукулук катары баалап, ортодогу тынчтык жараяны Израиль басып алган палестин аймактарын толук бошотмоюнча ордунан жылбайт деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG