Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Вашингтон БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ирак боюнча жаңыланган резолюция долбоорун сунуш кылды


Долбоор жума күнү талкуулана башташы күтүлөт. Иракты калыбына келтирүү иштеринде Бириккен улуттар уюмуна мурдагыдан активдүүрөөк роль ыйгарылган жаңы долбоордо бирок, мурдагыдай эле Америка баштаган коалицияга негизги жоопкерчилик жүктөлгөн. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракка каршы мурда киргизилген экономикалык санкцияларды алып салуу маселеси Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан бир добуштан жактырылат деп үмүттөнөөрүн билдирди. Бейшембиде Москвадан Болгарияга учуп келген Пауэлл санкциялар жоюлаар замат, ирак мунайы ээн-эркин сатылып, андан түшкөн каражат ирактыктардын көйгөйлөрүнө жумшалаарын белгиледи. Жума күнү ал Германияда расмий сапар менен болот.

XS
SM
MD
LG