Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

БИШКЕКТЕ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БАШТАЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 15-майда Бишкекте ойчул жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын эстелиги ачылып, эл аралык конференция өз ишин баштады. Конференциянын ишине Борбордук Азия, КМШ мамлекеттеринен жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген окумуштуулар катышууда.

Президент Аскар Акаевдин 2002-жылдын 1-августундагы жардыгынын негизинде 2003-жыл “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы” деп жарыяланган. Ал эми Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча атайын резолюция кабыл алынган. Президенттин Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү жардыгына ылайык, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан комплекстүү программа иштелип чыккан. Ал эми бейшембиде борбор калаада «Улуу Жибек Жолунун тилкесиндеги көчмөн коомдор менен отурукташкан оазистердин өз ара таасир этүү шартында мамлекеттүүлүктүн өнүгүшү» деген темада эки күндүк эл аралык конференциянын башталышы жана мындан 1000 жыл мурда жашап өткөн окумуштуу, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагындын эстелигинин ачылышы бул программаны ишке ашыруунун башаты болуп калды. Баласагындын эстелигин ачуу аземинде президент Аскар Акаев сөз сүйлөдү.

- Бул улуу ойчул жердешибиздин калтырган мурастарын чыныгы элдик руханий байлыкка айландыруу жана анын талантына татыктуу баа берүү боюнча күрөш жүргүзүүгө тоталитардык доордо гана эмес, кийинки мезгилде да узак убакыт жана көп эмгек талап кылынды. Ж. Баласагындын көп кырдуу ишмердүүлүгүндө окумуштуунун жана мамлекеттик ишмердин нарк-насили айкалышкан. «Куттуу билим» аттуу чыгарманын автору - философ, тарыхчы, этнограф, социалдык психолог жана мамлекеттик ишмер. Жусуп Баласагын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө чоң орунду ээлеген ишмер болгон, - деди президент.

Андан соң эл аралык конференциянын пленардык жыйыны болуп өттү. Бул жыйындын ишине Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, Орусия, Украина, АКШ, Франция, Германия, Түркия жана башка мамлекеттерден келген окумуштуу-илимпоздор катышууда.

Конференциянын ачылышына да президент Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөдү. Башка окумуштуулар да Кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

- Кыргыз элинин тарыхы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, кыргыз маданиятынын түзүлүшү дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө - чоң тарыхый окуя. Ошону менен бирге кыргыз тарыхын ар тараптуу иликтөө, өзгөчө анын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхын изилдөө, кыргыз тарыхынын ак барактарын толуктоо тарыхчылардын негизги милдеттеринен болуп кала берет, - деди белгилүү чыгыш таануучу илимпоз, академик Владимир Массон жыйында.

Ал эми Вашингтондон келген профессор Марина Толмачева мындай пикирин айтты:

- Быйыл Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө бүт дүйнөгө кыргыз улуту, кыргыз мамлекети кылымдарга созулган тарыхына ээ экендигин билдирет. Тарыхчы болгон соң, мен үчүн бул тарыхый майрам болуп жатат.

Көп жылдар бою Ооганстандагы кыргыздардын этнографиялык жагдайын жана маданиятын изилдеп келген француз окумуштуусу Реми Дор өз сөзүндө мындай деди:

- Мен Ооган кыргыздарынын атактуу ханы Рахманкул жөнүндө бир-эки сөз айтып кетким келет. Эгер бүгүн тирүү болгондо, ал кыргыз илиминин бүгүнкү жетишкендиктерин жана кыргыз маданиятынын өнүгүшүн көрүп аябай кубанмак. Кыргыз маданияты болсо, бүгүнкү күндө бул регионго гана белгилүү болбой, Европанын да булуң-бурчтарына чейин жетти.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын жүрүшүндө бир катар кызыктуу темалардын тегерегинде докладдар окулуп, пикир алмашуулар болот.
XS
SM
MD
LG