Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

ӨНӨГӨСҮЗ ӨПКӨ ООРУСУНУН ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫ АРАКЕТТЕР


Өнөгөсүз өпкө оорусунун Кыргызстанга өтүшүнө жол бербеш үчүн Кытай менен чек ара жабылды. Буга байланыштуу саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Штейнке, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Жээнбек Кулубаев 15-майда маалымат жыйынынын өткөрүштү.

Бүтүндөй Азия континентин дүрбөлөңгө салган өнөгөсүз өпкө оорусунан сактаныш үчүн, бул дарттын очогуна айланган Кытай менен чек араны жабуу тууралуу кыргыз өкмөтү чечим кабыл алды. Бул кадамга баруунун зарылдыгын саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Людмила Штейнке мындайча түшүндүрдү:

- Биринчи кезекте биздин өлкөгө Кытайдан өнөгөсүз өпкө дартынын келүү коркунучу сакталып турат. Азыркы учурда Кытайдын 25тен ашык провинцияларында жана шаарларында ушул дарт менен катталгандар бар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бул мамлекетте күн сайын өнөгөсүз өпкө дартына 100 адам чалдыгып, 10у каза болууда. Жалпылап айтканда Кытайда бул дарттын жайылышы дале уланып атат. Андан тышкары, өнөгөсүз өпкө оорусуна каршы күрөш үчүн өтө көп каражат керек. Бир адамды дарылаш үчүн эң болбоду дегенде 13 миң сом керек. Дезинфекциялык иштер, диагностика, карантин үчүн көптөгөн каражат талап кылынат. Маселен, Кытай бул дартка каршы күрөш үчүн 285 млн. доллар каражат бөлдү. Биздин экономикалык абал өзүңөргө белгилүү. Ошондуктан алдын алууну ылайык көрдүк.

Ал эми Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Жээнбек Кулубаев чек араны жабуунун зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:

- Мамлекеттик чек араны жабуу жана транспорттук каттамды Кытай менен токтотуу тууралуу өкмөттүн буйругу өнөгөсүз өпкө дартынан алдын-ала сактануу максатында кабыл алынды. Биз мындай кадамга кошуна мамлекеттер ичинен акыркылардан болуп бардык. Кытай тарап биздин чечимди түшүнүү менен кабыл алды. Чек араны жабуунун андан башка себеби - жакында Ысыккөлдө туристик сезон башталат. Эгерде өнөгөсүз өпкө дарты бизде катталса, анда туристерди чочутуп алабыз. Бул жагынан көп жоготууларга учурайбыз. Кытай менен 2002-жылы соода көлөмү 160 млн. доллар болду. Албетте, чек араны жабуу менен эки тараптуу сооданын көлөмү азайышы мүмкүн. Бирок биз үчүн элдин ден соолугу жана туристик кызыкчылыктарыбыз, өлкөнүн аброю артык болду.

Маалыматка караганда, Кытайдагы акыркы 5 кыргыз студенти жума күнү учак менен Кыргызстанга келишет. Ал эми дипломаттар Кытайда өз ишин улантышат. Алардын үй-бүлөлөрү, айрым студенттер Кыргызстанга буга чейин келишкен. Кытайда өнөгөсүз өпкө дарты ооздукталганга чейин чек ара жабык турмакчы.

«Кыргызстанда бул дарттан 2 киши каза болуп, ондон ашууну ооруп жатканын кыргыз бийлиги жашырып жатат» деп Интернет аркылуу таратылган маалымат туурасында Людмила Штейнке мындай билдирүү жасады:

- Мен расмий адам катар расмий түрдө билдирем: бизде өнөгөсүз өпкө дарты менен ооругандар катталган жок. Бир шектүү адам болгон. Бирок ал шектенүү үч күн ичинде жокко чыгарылды. Анткени Кытайдан келген биздин жарандын кадимки эле сасык тумоого кабылганы анык болду.

Санитардык башкы дарыгердин айтымында, бул дарт кокус Кыргызстанда каттала турган болсо, ага каршы күрөшүү ыкмалары иштелип чыккан, кандайдыр-бир даярдыктар бар. Дартты аныктоонун жолдору такталып, бул багытта эл аралык жана чет өлкөлүк тиешелүү уюмдар менен кызматташуу боюнча макулдашуулар жетишилген. Маселен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму диагностика жагынан жардам бермекчи. Адамдарда өнөгөсүз өпкө дартын жайылтып жаткан вируска каршы иммунитет иштелип чыкканга чейин бул дарт коркунучтуу. Бирок убакыт өткөн соң адам затынын организминде тиешелүү иммунитет иштелип чыгып, өнөгөсүз өпкө дарты кадимки сасык тумоонун бирине айланып калат.

- Мындай фактылар тарыхта бар. Маселен, «испанка» деп аталган жаңы вирусту алсак, ал адегенде эбегейсиз эпидемияны жараткан. Андан 20 миң адам өлгөн, бирок кийин кырдаал турукташкан, - дейт Людмила Штейнке.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG