Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ КОРРУПЦИЯНЫ ООЗДУКТАЙБЫ?


: Ушул жумадан тартып Кыргызстанда «Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзам күчүнө кирди. Анын авторлорунун айтымында, мыйзам бул тармактагы коррупцияны ооздуктап, билим берүү деңгээлин жогорулатууга жол ачат. Бирок коомдо бул максаттардын ишке ашаарына ишеним аз.

«Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзамдын авторлорунун бири Жангороз Каниметовдун айтымында, ал окууну каалагандардын баарына жол ачып, билим берүүгө жаңы технологияларды киргизүүгө, каражат табуу булактарын кеңейтүүгө, дүйнөлүк билим берүү тармагы менен жуурулушууга өбөлгө түзчү түпкүлүктүү мыйзам.

- Ушул мыйзамдын алдында көп актылар чыгат. Азыр биз эки мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Бирөө жогорку билим берүү жана андан кийин билим берүү жөнүндө. Экинчи блок мектепте билим берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору болот, - дейт Жангороз Каниметов.

Эми мамлекеттик же жеке менчик экендигине карабастан, бардык жогорку окуу жайлары бирдиктүү мамлекеттик стандарттын негизинде иштөөгө милдеттүү болушту. Жаңы мыйзамга ылайык иштеп жаткандыгын аныкташ үчүн окуу жайларына лицензия берилип, алар атайын аккредитациядан өтүшөт. Андан тышкары, жогорку окуу жайларынын «республикалык» жана «регионалдык мамлекеттик окуу жайлары» деген атайын тизмеси түзүлүп, ал Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Бул тизмеге кирбеген окуу жайларын акционерлештирүүгө жол берилет. «Мыйзамдагы бул жобо жогорку окуу жайларын билим берүү борборуна эмес, акча табуунун очогуна айландырышы мүмкүн» деген да көз караш пайда болду. Ал тууралуу И. Арабаев атындагы педагогикалык университеттин кафедра башчысы Авазбек Атаханов мындай дейт:

- Бул маселе боюнча мен каршымын. Билим берүү системасы - консервативдүү мамлекеттик система. Муну жеке менчикке өткөрүш үчүн аукцион аркылуу эле сатыш керек. Акционерлештирбей эле мамлекет каржылабай турган окуу жайлардын тизмесин түзүп, акчасы бар адамдарга сатыш керек.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Махмуд Күчүковдун пикири боюнча, бул жобо тескерисинче, абройлуу окуу жайларын менчиктештирип алууга жол бербейт.

- Биз андан коркпой, башка жагынан коркушубуз керек, - дейт Махмуд Күчүков. - Эгер өкмөттөн бирөө, мисалы, Улуттук университетти акционерлештирип алам десе, ошого бөгөт коюшубуз керек. Мисалы, Политехникалык же Арабаев атындагы университет республикалык маанидеги, биздин деңгээлибизди көрсөткөн жогорку окуу жайлары. Бул мыйзам чыга электе эле ушул окуу жайларын менчиктештирип алабыз деп канча аракет кылышып, акыркы бир кол гана коюлбай калган учурлар болгон.

Жаңы мыйзам боюнча эми окуу жайларында мындай өң тааныштыкка жол берилбейт. Окуу жайында аны көзөмөлдөөчү коомдук топ түзүлөт. Ага студенттердин ата-энелеринен баштап, коомдогу бардык институттардын өкүлдөрү тартылат. Ал тууралуу Жангороз Каниметов төмөнкүлөрдү билдирди:

- Биз муну кошумча башкаруу катары киргиздик. Азыр жобосу иштелип жатат. Бүгүн кээ бир финансы каражаттары туура пайдаланылбай башка жумуштарга кетип жатат. Ошон үчүн бул, биринчиден, финансылык тармакты текшерет. Экинчи жагынан, өзү билемдикке салып, жеке бийликке өткөндөр бар. Окуу жайларында коррупция, зачет, экзамендерге пара алмай бар. Сөз болуп жаткан жобо мына ушуларды көзөмөлгө алат.

Албетте, мындай кадамдар кийинки кезде саны өсүп, сапаты начарлап кеткен окуу жайларынын ишин тескөөгө таасир берет. Бирок, окуу жайларынын абалын билимдин башатын түзчү материалдык-техникалык база менен кадрлардын сапаты аксатууда. Ошон үчүн мыйзамга «алган билим деңгээлине ыраазы болбогон жарандар же юридикалык тарап окуу жайын сотко бере алат» деген жобо киргизилди. «Бирок ал ишке ашабы?» деген чоң суроо пайда болууда, буга студенттердин өздөрү да күмөн. Ал тууралуу Педагогикалык университеттин студенти Аскарбек уулу Максат мындай дейт:

- Менимче бул жобо ишке ашса жакшы эле болмок. Себеби, азыр көп окуу жайлары коммерциялык жагын гана көздөп билим берип жатышат. Көпчүлүгүнүн билим берүү деңгээли канааттандырбайт. Ошон үчүн мындай жобо зарыл. Бирок, ал аткарылат же аткарылбайт деп так кесе айта албайм.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаеванын ою боюнча, ириде мектептеги билим берүүнү реформалоо зарыл. Анын айтымында, мугалимдердин жетишсиздигинен улам, билимдин башаты мектептен бузулууда.

- Мектептерде англис тилинен, информатикадан сабак берген мугалимдер жокко эсе. Математика мугалимдери да азыр абдан начар болуп жатат. Анан бир эле мугалим ошол эле учурда орус тилин, биологияны же башка сабакты берип жатат, - дейт Токтокан Боромбаева.

Ал эми айылдык мугалимдерди колдош үчүн «транспортто өзү жашаган айыл өкмөт аймагында бекер жүрсүн, 25 жыл иштегенден кийин пенсияга чыксын жана салыктан жеңилдик берилсин» деп, мыйзамга киргизилген жоболор президенттин каршылыгы менен алынды.
XS
SM
MD
LG