Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

ЕВРОПАДАГЫ ПЕНСИЯЛЫК РЕФОРМАЛАР


Шейшембиде Францияда ири иш таштоо өткөрүлдү. Ушул эле күнү Австрияда 50 жыл ичиндеги эң чоң демонстрациялар болуп өттү. Элдин нааразылыгын эки өлкөдө тең пенсиялык системадагы реформалар жөнүндөгү демилгелер туудурду.

Синдикат же кесиптик кошуундардын өкүлдөрү 13-майда Парижде 250 миң чамасындагы эл көчөлөргө чыкты десе, полиция алардын саны бир кыйла азыраак, тагыраак айтканда 70 миңдин айланасында болду деп ырастады. Франциянын Марсель, Тулуз өңдүү башка ири шаарларында да иш таштоого миңдеген жумушчулар катышты.

Акция өлкөнүн транспорт байланышын дээрлик бууп салды. Франциянын аэропортторуна келген жүргүнчүлөр ал күнү эч жакка уча алышкан жок. Граждандык авиациянын башкармалыгы берген маалыматка ылайык, шейшембиде жергиликтүү жана эл аралык каттамдагы учуулардын 80 пайызы аткарылган жок.
Байкоочулар жагдай олуттуу экенин белгилеп, мындан 8 жыл мурун болгон окуяларды эске салышат. 95-жылдын декабрь айында ал кездеги премьер Алэн Жюппенин пенсиялык реформаларына каршы өткөн демонстрациялардын натыйжасында, премьер кызматынан чегинүүгө аргасыз болгон. Синдикаттардын өкүлү Анник Купе: ”Биз 95-жылдын кайталанышын каалабайбыз, өлкөнү дестабилдештирүүнү да көздөбөйбүз”, - деп айтты.

Жюппенин терс тажрыйбасы азыркы өкмөт башчысы Жан-Пьер Раффаренди көп чочутпайт көрүнөт. Анын жаңы сунушу боюнча, пенсияга чыгуу жашы эки жарым жылга узартылган. Белгилүү болгондой, адатта пенсиондук фонд иштеп жаткан муундун атайын төлөмдөрү менен толукталып турат. “Демографиялык көрсөткүчтөр бизди ушундай кадамга түрттү”, - деди премьер француз коомуна даректелген ачык катында. Мисалы 1960-жылы төрт жумушчу бир пенсионерди багышчу. Улгайган адамдардын көбөйүүсүнө байланыштуу 2020-жылы бир пенсионер бир жумушчунун эсебинен жан сактап калат. Реформа жүргүзбөсөк, пенсиялардын көлөмүн 50 пайызга кыскартышыбызга туура келет, - деп улантты Раффарен.

Өкмөт жумушчу күчүндөгү таңсыкты коомдук жана менчик секторлордо иштеген кызматкерлердин пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу аркылуу толуктоону көздөйт. Лондондук аналитик Катинка Барыштын баамында, француз өкмөтү эң оңой, бат жана арзан жолду тандап алган. Азыркы пенсиялык системаны алгачкылардан болуп Германиянын канцлери Отто фон Бисмарк 19 кылымда киргизген. Ошол кезде эле пенсияга 60 курагында чыгышчу. Адамдардын өмүр узундугу да орто эсеп менен алганда 60 жаш болчу.

- Азыр болсо көпчүлүк мамлекеттерде пенсияга 62-63кө чыкканда кетишет. Ал эми өмүрдүн орточо узундугу 80 жашты түзөт. Албетте, бул алгылыктуу эмес.

Мындан тышкары француз өкмөтүнүн долбоору боюнча, 14-15 жашынан баштап эмгектенгендерге пенсияга эрте чыгуу боюнча жеңилдиктер каралган. Кесиптик кошуундар болсо бул артыкчылыктан эмгек жолун 16 жашынан баштагандар да колдонсун деген талап койууда.

Социалдык иштер боюнча министр Франсуа Фийон шейшемби күнү кечинде сыналгы аркылуу чыгып сүйөлөп, реформалардын керектигин түшүндүрүп, жумушчуларды дагы бир жолу ыныандырууга аракет жасады.

Шаршембиде министр Фийон менен профсоюздардын өкүлдөрү жолугушту, бирок он саатка созулган сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок. Айрымдар 13-май күнкү акцияны 25-майда улантуу чакырыктары менен чыгышууда.

Австриянын баш калаасы Венада болсо нөшөрлөгөн жаанга карабай шейшембиде 200 миңдей киши нааразылык акциясын өткөрүштү. Соңку иш-чара өлкө тарыхында 50 жыл ичиндеги эң ири демонстрация болуп калды. Пенсиялык реформаларга каршы чыккандар менен өкмөт ортосундагы курчуп бараткан пикир келишпестиктерди жумшартуу максатында, президент Томас Клестил жаңы долбоорду дагы 3 айга жылдырууну сунуш кылды. “Бул убакыттын ичинде тараптар бири бирин угуп, пикир алмаша алышат”, - деди Клестил. Бирок канцлер Волфганг Шуссель өз турумунан тайбай турганын кайталап, жаңы мыйзам долбоору үч аптадан кийин парламентке жөнөтүлөөрүн белгиледи. Арийне анын Элдик партиясынын негизги коалициялык шериги Эркиндик партиясы мыйзамга колдоо көрсөтөөрүн тастыктай элек.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG