Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

КАЗАКСТАН КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕК АРАСЫНА ДАРЫГЕРЛЕРДИ ЖАЙГАШТЫРДЫ


Kытайда чыккан САРС оорусу Казакстанды да чек арасын жаап, Кытайдан келгендерди текшерүү үчүн, чек ара аймагына дарыгерлерди жөнөтүүгө мажбурлады. Чек аранын жабылышы майда соодагерлерди да, мамлекетти да экономикалык бир топ чыгымга учуратып жатат.

Советтер Союзунун тушунда Казакстандын Кытай менен чек арасы дүйнөдөгү эң катуу кайтарылган чек аралардан болгон. Азыр эми чек араны жабууга ядролук державалардын таймашы эмес, өнөгөсүз өпкө оорусу аргасыз кылууда.

САРС оорусу сасык тумоого окшоп башталып, дем алуу органдарын жабыркатат. Азырынча окумуштуулар бул дартка даба болчу дарыны ойлоп табыша элек. Кытайда былтыр кеч күздө башталган САРСка бүгүнгө чейин 5 миңден ашык кытай жараны чалдыкты. Ал эми дүйнөдө, көбүнчө Aзия өлкөлөрүндө, дээрлик 600 киши каза болду.

Казакстанга Кытайдан кайтып келаткан саякатчыларды мурда Коргас көзөмөл бекетинде бажы кызматкерлери жана чек арачылар каршы алчу. Азыр мындан дипломатиялык жана кызмат паспорту барлар гана өтө алышат. Аларды да бетине маска тарткан ак халатчандар тосуп алып, ар биринин дене температурасын ченеп жатышат.

"Эгер температурасы жогору болсо, биз аларды изоляторго жиберебиз", - деп билдирди Коргаста жайгаштырылган дарыгерлердин бири Акмарал Мырзатаева.

Чек ара 6-май күнү 20-майга чейин деп убактылуу жабылды. Мырзатаеванын айтымында, чек аранын ар жагындагы кытайлык шаарда САРСты жуктургандар бар экен деген айың кеп тарагандан кийин ушул чара көрүлдү. Бүгүнгө чейин Коргаска Кытайдан келгендердин арасынан 6-майда гана бир киши изоляторго жөнөтүлдү. Ал да 24 саатта температурасы түшкөндөн кийин, кое берилди.

Казакстан мурдагы советтик жумурияттардын ичинен биринчи болуп, Кытай менен чек араны жапты. Кыргыз-кытай чек арасы ушул шейшембиде жабылды.

Алматыдан ары кетчү жолдо жайгашкан чек ара тилкесине 100 чакырым калганда эле "Көңүл буруңуз. Кытай элдик респибликасына кирүү убактылуу жабык" деген жазуу көзгө урунат. Жарнактын алдында каз-катар тизилген майда күркө-дүкөндөрдүн эшиктери кулпуланып турат. Мурда чек арадан ары-бери тынымсыз өткөн жүргүнчүлөрдү тейлеген майда соодагерлер жол кыймылы сээлдеп калгандан бери карап отуруп калышты. САРСтын кесепетин мамлекет да жон териси менен сезе баштады.

"Ай сайын бюджет 10 миллион доллар чыгымга учурап жатат" деп билдирди Коргастагы бажы офицери Марат Байбосунов. Анын айтымында, дүкөнчүлөрдү жана соода менен алектенген саякатчыларды кошкондо, экономикалык чыгымдар мындан алда-канча жогору болот. Казакстандын Кытай менен чек арасында дагы төрт өткөөл бар. Эгер чек ара узакка жабык туруп калса, Казакстандын мамлекеттик казнасы да, Кытайдан келген арзан кийим-кечек, күрүч, шекерге ишенип жашаган карапайым эл да тукулжурап калаары шексиз.

Aнын аралыгында, Орусия Кытай жана Монголия менен чек арасындагы 52 чек ара бекетинен 31ин жаап жаткандыгын жарыялады. Орусиянын саламаттык министри Генадий Онищенко "негизги өткөөлдөр ачык калат, бирок чакандары убактылуу жабылат" деп билдирди. Мындан тышкары өлкө боюнча САРС вирусун аныктоочу лабораторияларды ачууга 1 жарым миллион доллар бөлүнөт.

Ал эми Кытайдан келген кабарларга караганда, Бейжин өкмөтү азыр карантин эрежесин бузуп жана САРСты атайылап жайылткандарды өлүм жазасына кесип, же өмүр аягына чейин абакка салууну караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG