Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Филиппинде өпкөнүн өзгөчө сезгениши боюнча эл аралык конференция башталды


16-май күнү Филиппиндин борбору Манила шаарында 12 Азиялык өлкөнүн өкүлдөрү өпкөнүн өзгөчө сезгенишине каршы биргелешкен аракет көрүү маселелерин талкуулай баштады. Жыйынга АСЕАН уюмуна кирген мамлекеттер менен Жапания, Кытай жана Түштүк Кореянын адистери катышууда. Бул жаңы ооруга акыркы эки-үч айда сегиз миңден ашык адам чалдыгып, анын алты жүзгө жакыны каза болду. Ооруга каршы даба табыла элек жана аны чектөө максатында азиялык мамлекетер өз чек араларын жаба баштады. Оорунун жайылып кеткени менен байланыштуу, бүгүн Тайвандын саламаттык сактоо министри кызматынан чегинди.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG