Дүйнөлүк банк бүгүн атайын билдирүү жасап, Кыргызстанга келерки үч жылдын ичинде 171 миллион доллар жардам көрсөтүлөөрү тууралуу жарыялады. Бул каражаттын 65 миллион доллары грант түрүндө берилет жана өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартуу максатында пайдаланылууга тийиш. Банк жетекчилигинин айтымында, эгемендүүлүк учурунда Кыргызстанда социалдык система бузулуп, сырттан келген инвестициялар өлчөмү чектелип калган.