Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

АКШ мамлекеттик катчысы Берлин шаарына келди


АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 16-май күнү Берлин шаарында немис канцлери Герхард Шрөдер менен жолугуп, Иракка каршы жарыяланган санкцияларды алып салуу маселесин талкуулады. Шрөдер - чектөөлөр чындап эле керексиз болуп калды деп айтты жана Пауэлл ага өз ыраазычылыгын билдирди: "Бириккен Улуттарга тапшырылган резолюциянын тексти үстүндө биз дагы иштеп жатабыз жана ага Коопсуздук Кеңеши толук колдоо көрсөтөөрүнө ишенебиз. Канцлердин да аны жактырганына мен кубанычтамын, ошондуктан эми биз Ирак мунайын базарга чыгара баштасак болот жана Ирак элине жардам көрсөтүү үчүн киреше келе баштайт".

Алманиянын ЦДФ сыналгысы аркылуу 16-майда чыгып сүйлөп, Пауэлл - Ирак согушу менен байланыштуу АКШ менен Алмания ортосунда чыккан негизги пикир келишпестикти жоюу үчүн убакыт жана орчундуу аракеттер керек деп билдирди. Анын айтымында, Вашингтон сунуштаган жаңы эл аралык резолюцияны Берлин колдосо, ал - эки өлкө ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган биринчи кадам болот жана резолюция бир аптанын ичинде кабыл алынат, бирок Кытай, Орусия жана Франциянын айтымында, ага өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG