Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

ТЕРРОРДУН КОРКУНУЧУ КҮЧӨДҮ


Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти Сауд Арапстанда америкалыктарга каршы жаңы террордук дүрбөөн жасалышы мүмкүн деп эскертти. Ал эми Эр-Риядка дүйшөмбү күнкү окуяны териштиргени америкалык чалгындоо органдарынын адистери келишти. Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд Сауд Арапстандан америкалык контингенттин чыгаруу иштери башталганын билдирди.

Мамлекеттик департаменттин маалыматтарында террорчулар кезектеги кыянатчылыгын Жидда шаарында пландаштырышкан. Бул жолу алар бул шаардагы америкалык консулдуктун имаратын бутага алганы жатышат дешет. Буга байланыштуу чет элдик тургундардын көпчүлүгү Кызыл деңиздин кылаасындагы калаадан капыл-тапыл кете башташты. Ал эми Жиддада жана башка шаарларда калгысы келген америкалыктарды мамлекеттик департамент өзгөчө кыраакы болгонго, өздөрүнүн коопсуздугу үчүн зарыл болгон чараларды көргөнгө чакырды. Айрым маалыматтарда сауддардын жеринде азыр “Ал-Каиданын” жыйырмадай жанкечти мүчөлөрү активдүү аракеттенип жатканы айтылат. Дүйшөмбүдөгү окуядан кийин эле өлкөнүн ички иштер министри ханзаада Наиф ибн-Абдел Азиз да мындай кабарды бышыктап, террорчулардын баары Усама бин Ладендин өзүнөн тикелей буйрук алып турат болуу керек деп билдирген эле.

АКШнын Сауд Арапстандагы элчиси Роберт Жордандын баасында, дүйшөмбү күнкү дүрбөөн америкалыктарга гана эмес, биринчи кезекте жергиликтүү бийликтерге каршы жасалган акция. Элчи атүгүл муну падышаны жана анын бүткүл оолатын тактан кулатууну көздөгөн күрөштүн башталышы деп атады. Мындан тышкары ал сауд бийликтерин террордук иштердин коркунучу жөнүндөгү маалыматтарга анчейин маани бербей, камырабастык кылганы үчүн сынга алды.

Падышачылыктын ички иштер министри ханзаада Наиф өлкөнүн бийликтери дүйшөмбүдөгү окуяны териштирүүдө америкалык чалгындоо мекемелери менен тыгыз кызматташа тургандыгын ырастады, бирок террорго сауд арапстандыктар катышып жатат деген айыпты кескин четке какты. Ханзаада террористтердин баары бул өлкөгө сырттан келип жаткандыгын көрсөтүп, анын тамырын соолутуш үчүн адегенде анын башатын соолутуу зарыл деп белгиледи.

Эр-Риядга келишкен ФБРдын жана ЦРУнун алтымыштай эксперти, Ройтерстин маалыматы боюнча, ишти таптиштеп, анын аныгына жеткени жатат. Бирок буга чейин эле америкалык жогорку бийлик өкүлдөрү, анын ичинде мамлекеттик катчы Колин Пауэлл сауд арапстандын борборундагы кыянаттардан “Ал-Каиданын” колунун тагы таасын көрүнүп тургандыгын билдиришти. Эгер бул божомол ырасталса, анда муну менен бирге бин Ладендин эл аралык террордук “корпорациясы” али толук жарамдуу бойдон калганы жөнүндөгү кептер да бышыкталат.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Малайзияда да америкалыктарга каршы зобун-зордук иштери жасалышы мүмкүн экени эскертилди. Жалпы эле түштүк-чыгыш Азияда радикалдуу ислам уюмдары, айрыкча “Жемаа Исламия” менен аскерлешкен “Абу саяф” топтору кайрадан активдеше баштады. Аталган уюмдардын баарын,чалгындоо мекемелеринин ишениминде, ”Ал-Каида” тескеп, башкарып турат. Айтор, америкалыктардын соңунан Австралиянын, Жаңы Зеландиянын жана бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү терроризмдин коркунучу күчөгөнү тууралуу өз тургундарын катуу эскертишти. Экинчи мындай кооптуу регион деп Африканын чыгыш чөлкөмү аталды. Британиянын бийликтери эки күн мурда Кенияга каттаган бардык авиарейстерди убактылуу мөөнөткө токтотту. Ал эми Кошмо Штаттары сауд арапстандан өзүнүн аскер контингентин чыгара баштады. Террордук акцияларга, алардын коркунучу өсүп жатканына карабастан Вашингтон администрациясы өзүнүн бул чечимин өзгөртпөй тургандыгын Пентагондун башчысы Рамсфелд бышыктады.
XS
SM
MD
LG