Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

АКШНЫН ИРАККА ЖАҢЫДАН ДАЙЫНДАЛГАН ӨКҮЛҮ ПОЛ БРЕМЕР “БААС ПАРТИЯСЫН ЖОК КЫЛАМ” ДЕДИ


Бакыт Аманбаев, Прага “Азаттыктан” мурда кабарлангандай, ушул аптанын башында АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Жей Гарнер кызматынан бошотулуп, анын ордуна Пол Бремер дайындалды. Жаңы администрация башчысы өзүнүн келечекте жасай турган иштери тууралуу бейшембиде журналистерге маалымат жыйынын өткөрдү.

Иракка дүйшөмбү күнү келген АКШнын өкүлү, журналистер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, өзүнүн келечекте жасай турган иш планы тууралуу айрым суроолорго жооп берди.

“Мен Багдадка келгенден бери, согуштан кийинки Ирактын абалы менен азын оолак таанышууга аракет жасадым. Борбор калаанын көпчүлүк дүкөн жана башка коомдук жайлары таланып, талкаланганына күбө болдум. Анын барын калыбына келтирүү өзгөчө мыйзам, тартипти талап кылат”.

Ошондой эле ал өз сөзүндө, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Саддам Хусейн 100 миңге жакын түрмөдө отурган жарандарды бошотконун, алардын көпчүлүгү саясий туткун, айрымдары чыныгы эле кылмышкерлер экендигин белгилей кетти. Анын айтымында, мына ошол бир нече жыл түрмөдө отурган кылмышкерлер, учурда жасаарга жумушу жок, коомдук жайларды талкалап, колго урунган нерселерди уурдап, шаарга бүлгүн салышууда.

“Мына соңку 48 саатын ичинде эле мына ошондой кылмышкерлерден 300 ” адамды колго түшүрдүк”, - деп кошумчалады ал журналистердин суроолоруна жооп берип жатып.

Чындыгында эле согуштан кийинки Ирактагы абал жакшы эмес.
Коалиция аскерлеринин өлкөдө бейкуттук орнотуу аракетине бир жагынан жогоруда сөз болгон кылмышкерлер, экинчи жагынан Саддам Хусейндин тымызын аракеттенген тарапкерлери тоскоол болушууда.

АКШнын жаңыдан дайындалган өкүлүнүн айтымында, шейшемби күнү эрте менен Багдаддын түндүгүндө жайгашкан Тикрит айлынан Саддам Хусейндин 260 жакын тарапкерлери колго түшүрүлдү. Алардын арасында, АКШ тарабынан изделип жаткан Ирактын мурдагы жогорку бийлик жетекчилеринен бир өкүл кармалды. Анын аты жөнү азырынча толук аныктала элек.

Пол Бремердин пикиринде, Иракта тынч жашоо агымын калыбына келтирүү үчүн адегенде, жогорудагыдай тымызын аркеттенген күчтөрдү тартипке чакыруу керек.

Мен БААС партиясынынын мүчөлөрүнө жана баасизмди Ирактан түбөлүккө жок кыла туурган тартип киргизем. Биз партиянын мүчөлөрүн аныктап, аларды мурдагы ээлеген мамлекеттик кызматтардан алабыз. Ошону менен бирге эле биз, Ирактын мурдагы башкаруучулары менен байланышты үзбөй, коалициялык күчтөрдүн аракеттерине тоскоол болгондорду, издеп табабыз.

Ошондой эле анын белгилөөсүнө караганда, жакын арада Ирактагы мамлекеттик тартип коргоо органдарын калыбына келтирүү керек. Мына ушул максатта, учурда АКШнын Ирактагы армиясынан 2000 солдат шаардын ичинде тартипти жөнгө салууга бөлүндү.

Мындан сырткары соңку айлары иштөөсү үзгүлтүккө учураган Ирактагы завод, фабрикалардын иштөөсүн жана өлкөнүн негизги байлыгы болгон мунай иштетүү тармагын жандандыруу зарыл.

АКШнын өкүлүнүн пикиринде, ал үчүн алгач БУУнун 1990-жылы Иракка карата киргизген экономикалык санкцияларын алуу керек.

Айтмакчы, учурда БУУНун Коопсуздук кеңешинде аталган маселе каралууда. АКШнын Иракка карата жогорудагыдай сунушун БУУнун Коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрү колдойбу жек жокпу аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG