Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Таласта жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар башталды


ТАЛАС. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын Талас аймактык бөлүмү айылдык, кыштактык жана шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоого калкты кеңири катыштыруу аракетин көрө баштады. Бөлүмдүн жетекчиси Арзыкан Момунтаеванын бүгүнкү сөзүнө караганда, облустагы 20дан ашуун айыл-кыштактарда айылдык депутаттардын катышуусу менен элге жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы, жергиликтүү депутаттардын статусу түшүндүрүлүп, депутаттардын отчеттору жана алдыдагы шайлоолорго карата даярдыктар талкуланууда. Мындай чогулуштарды облустагы 37 айыл өкмөтүнүн бардыгында өткөрүү белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG