Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Акыйкатчы «Вечерний Бишкек» гезитин кылмыш жообуна тартуудан баш тартты, бирок сот иши токтогон жок


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «Вечерний Бишкек» гезитин сотко берген арызынын бул басылманы кылмыш жообуна тартууну өтүнгөн бөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу «Вечерний Бишкек» гезитинин башкы редактору Ольга Безбородова бүгүн «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, кечээ Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда өткөн кезектеги сот жараянында Турсунбай Бакир уулу басылманын башкы редакторун жана «Кыргызстандагы «Аль-Каида»» деген макаланы жазган журналист Данияр Каримовду кылмыш жообуна тартуу өтүнүчүнөн баш тартканын Акыйкатчынын адвокаты Тимур Акчурин билдирген. Анын негизинде басылмага жана авторго карата ачылган кылмыш иши токтотулду. Бирок, Акыйкатчы институтунун жооптуу кызматкери Гүлмира Сейитказиеванын айтымында, Акыйкатчынын редакциядан 5 миллион сом, макаланын авторунан 100 миң сом өндүрүп берүү жана гезит бетинде кечирим суратуу тууралуу талаптары күчүндө калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG