Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Бишкекте милиция пикетчилерди кармады


БИШКЕК. Бүгүн парламенттин алдына пикетке чыккан саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери «коомдук тартипти бузду» деген айып менен кармап кетишти. Кармалган онго жакын кишинин арасында укук коргоочу Турсунбек Акун, коммунисттер партиясынын башчысы Клара Ажыбекова бар. Ушул эле күнү кечинде райондук милициянын сунушуна ылайык райондук сот алардын ишин административдик тартипте кароого киришти. Алгачкы маалыматка караганда, сот пикеттин катышуучулары Александр Фоменко менен Бектай Жээнбаевге эскертүү берди.
Чек араны коргоо боюнча коомдук комитеттин мүчөлөрү бул күнү «Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча Кошумча макулдашууну ратификациялоо» тууралуу мыйзамдын кабыл алынышынын бир жылдыгына байланыштуу пикетке чыгышкан. Бул келишимди 2002-жылдын 10-майында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны ратификациялап, аны Эл өкүлдөр жыйыны 17-майда президент Аскар Акаевдин катышуусундагы отурумунда колдоп берген.

XS
SM
MD
LG