Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Аксы окуясында жабыркагандардын жакындары Бишкекте камакка алынып, сот жообуна тартылышты


БИШКЕК. Бүгүн, Аксы окуясында жабыркагандардын 25 эне, эже, карындаштарын Бишкек шаарынын Эркиндик жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен, депутат Азимбек Бекназаровдун үйүнүн жанынан милиция кызматкерлери кармап кетишти. Алар Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Аксылык аялдар президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрүнө жолукса, аларга Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн акыйкат жазалоо боюнча талап коюшмак.
Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мехман Алиевдин айтымында, Аксыдан келген аялдар коомдук тартипти бузгандыгы жана бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрүнө баш ийбегендиги үчүн камалды. Ушул эле күнү кечке маал Биринчи Май райондук соту Аксыдан келген аялдардын ишин карай баштады. Бирок, тиешелүү документтердин жетишсиздигине байланыштуу сот иши 17-майга калтырылды. Сот жараянынын жүрүшүндө судья Жаңыл Алиева «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевге «нааразылык жүрүшүнө мыйзамсыз катышкандыгы үчүн» деп, 1000 сом айыппул салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, Аксы окуясында каза тапкан Четинбай Үркүнбаевдин бир тууганы Нурбүбү Үркүнбаева милициядан таяк жеп, №4 шаардык ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG