Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Аксы окуясы боюнча айыпталгандар Майлысууда толук акталды


ЖАЛАЛАБАД. Майлысууда республикалык Аскердик сот Аксы районунун мурдагы акими Шермамат Осмоновду, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн мурунку башчысы Данияр Кулуевди, Жалалабад облустук ички иштер башкармасынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Аликбек Ракишевди актаган Ош аскер сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Көзү өткөндүгүнө байланыштуу, Аксы районунун мурдагы прокурору Абдыкалык Калдаровго каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. «Облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облустук ички иштер башкармасынын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев, анын мурдагы орун басары Абдимитал Калбаев мыйзам алкагында аракет кылышкан» деп табылып, алар акталып чыкты. Ош гарнизондук аскер соту «пикетке келаткан элдин алдын торогон жана кызмат абалынан ашкере пайдаланган» деген айып менен декабрь айында Абдыкалык Калдаровду жана Абдимитал Калбаевди 2 жылга, Зоотбек Кудайбергенов менен Кубанычбек Токобаевди 3 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG