Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

ЭРЕНДЕРДИН ЭР ОЮНУ КӨКБӨРҮ


Эрендердин эр оюну көкбөрү - кылым карыткан, муундан муунга мурас болгон оюн. Иликтөөлөргө караганда, аны Азия аймагындагы айрым көчмөн элдер ойноп келишкен. Бул оюн Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Ооганстанда, Пакистанда, Иранда, Индияда, Кытайда, Монголияда, Орусиянын Батыш Сибиринде жана айрым араб малекеттеринде да ойнолуп келгендиги маалым. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери көкбөрүнүн жаңы эрежеси түзүлүп, дүйнөлүк спорт оюндарынын үлгүсүнө ылайыкталган. Ушул жаңы эрежеге ылайык Казакстандын Тараз шаарында Борбордук Азиянын биринчи расмий чемпионаты 17-майда башталганы турат.

Совет доорунда тыюу салынып келген кыргыздын улуттук оюндары эгемендүүлүктүн шарданы менен эл аралык деңгээлге көтөрүлө баштады. Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын демилгеси менен мурдагы жылы Эл аралык көкбөрү федерациясы түзүлгөн. Анын президентигине казакстандык ишкер Кайрат Сатыбалды шайланып, баш катчылыгына кыргыз парламентарийи Болот Шерниязов дайындалган. Бул уюмга былтыр Ооганстан менен Кытай Эл Республикасы да мүчө болгон.

Көкбөрүнү дүйнөгө таанытып, аны спорт катары калыптандырыш үчүн атайын жобо жана жаңы эреженин тартиби иштелип, Эл аралык федерациянын конгрессинде бекитилген. Борбордук Азиядагы өлкөлөрдө бул оюн ушул эрежелерге ылайык өткөрүлө баштады. «Ататүрк» эл аралык турнирине, былтыр Президенттин Кубогуна арналган мелдешке Ооганстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын командалары катышкан. Көкбөрү оюну жөнүндө Кыргызстандагы атактуу Сокулуктун «Рассвет» командасынын капитаны, спорт чебери Индусбек Бөкөмбаев мындай дейт:

- Бул оюндун эл аралык кадыр-баркы өсүп баратат. Борбордук Азиянын чемпионаты биринчи ирет расмий өткөрүлүп жаткандыктан, Кыргызстандын мыкты көкбөрүчүлөрүнөн курама команданы иргеп, тандап алдык. Негизинен биздин «Рассвет» командасынан жана «Дордой» командасынан жигиттер тандалып алынды. Таластык улакчылардан эки жигит кошулду. Кыргыздын намысын коргоо милдети мойнубузда болгондуктан жакшы даярдык көрдүк. Мелдеш кимдин даярдыгы дурус экендигин аныктап коет эмеспи, калганын бара көрөбүз.

Тараз шаарында өтө турган Борбордук Азиянын биринчи чемпионатына Жамбыл облусу абдан мыкты даярдык көрдү. Бул чемпионатты уюштуруу ишине байге фондусуна эле 8 млн. теңге каражат бөлүнгөн. Баш байгеге «Нива» үлгүсүндөгү, экинчи орунга «Жигули» үлгүсүндөгү автомашина берилет. Үчүнчү орунду алган командага 200 миң теңге байге бар. Мындан тышкары, мыкты улакчыларга, калыс ойногон командаларга да атайын акчалай сыйлыктар белгиленген. Бул чемпионаттан кийин дагы кандай мелдештер болоорун Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов айтып берди:

- Июнда Бишкек шаарынын 125 жылдыгына карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Спартакиадасы өткөрүлүп, көкбөрү мелдештерине бардык облустардын командалары катышат. 20-августта Таласта «Гүлсарат» эл аралык турнири болмокчу. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата 31-августта Президентин Кубогуна арналган эл аралык беттешүүгө чет өлкөлөрдүн командаларын дагы чакырдык. Быйылкы эң негизги жаңылык - октябрда Дүйшөмбүдө өтчү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн IV Оюндарынын программасына көкбөрү да спорттун бир түрү катары киргизилди. Бул чоң - тарыхый окуя, кыргыздын көкбөрү оюну дүйнөлүк спорт деңгээлине көтөрүлүп баратканынын күбөсү.

Мындан 12 жыл мурда Алматыда «Достук» оюндары спорттун 28 түрү боюнча өткөрүлгөн. Ошондогу көкбөрү мелдешинде кыргызстандык жигиттер казактар менен өзбектерге намысты алдырып, жеңилип калышкан. Ал эми кийинки 5-6 жылдан бери Казакстандын улакчылары кыргыз жигиттерин жеңе албай жүрүшөт. Ал түгүл «бардык байгени утуп аласыңар» дешип, кийинки 2 жылдан бери кооптонуп, чоң мелдештерине кыргыздарды чакырбай калышкан. Эми Борбордук Азиянын биринчи чемпионатына абдан катуу даярдык көрүп жатышат. Ал түгүл кыргыздардын мыкты аттарын баасына карабай сатып алышууда. Казакстандын улакчылары менен көп жолу беттешүүлөрдү өткөрүп жүргөн таластык таанымал спорт чебери Нурлан Барпиев атаандаштары жөнүндө дурус пикирде.

- Казактар бул жолу катуу даярданып жатышат, - дейт Нурлан мырза. - 1-майда Алматыда баш байгеси «Жигули» болгон мелдеш өткөрүштү. Мыкты жигиттерден тандап курама команда түзүштү. Мурда бештен болуп он улакчы беттешип жүрүшсө, быйылтан тартып биз түзгөн жаңы эрежеге ылайык ойноп жатышат. Бул жолку беттешүүлөр абдан курч мүнөздө өтчүдөй болуп турат.

Кимдин даярдыгы мыкты, чеберчилиги жогору экенин алдыдагы атаандашуулар көрсөтөт. Ал эми эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен улакчыларга «Спорттун эл аралык чебери» деген наам берүүгө да убакыт жетти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG