Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Жорж Буш келээрки президенттик шайлоого катышаарын ырастады


АКШ президенти Жорж Буш келээрки жылдын күзүндө өтө турган президенттик шайлоого катышууга бел байлап, тийиштүү кагаздарды толтуруп Федералдык шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу жума күнү жарыялаган Вашингтондун өкүлү Ари Флейшер жакында Буштун экинчи төрт жылдык мөөнөткө шайланышын даярдап-уюштура турган комитет түзүлүп, ал ишти каражат топтоодон баштаарын кошумчалады. Азырынча Жорж Буштун шайлоо штабынын башчысы АКШ президентинин саясий кеңешчиси Карл Роув болоору маалым. Америкалык президент өзү өткөн күздө эле келээрки шайлоодо анын вице-президенттигине кайрадан Дик Чейни көрсөтүлөөрүн ырастаган.

XS
SM
MD
LG