Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Иракта Саддамдын дагы бир саясий шакирти тузакка илинди


Ирактагы америкалык командачылык коалициялык күчтөр Саддам Хусейндин жан-жөкөрлөрүнүн бири, "Баас" партиясынын регионалдык жетекчиси болуп турган Адил Абдулла Махди ал-Дури колго түшүрүлгөнүн маалымдады. Өткөн түнү "Баастын" дагы эки жетекчиси кармалган болчу, ушуну менен Вашингтон түзгөн Саддамдын жакын санаалаштарынын 55 кишиден турган тизмесинен 22 адам абакка отургузулду. АКШ дайындаган Ирактын башкаруучусу Пол Бремер "Баас" партиясынын мурдагы активисттерин жаңы ирак өкмөтүнө тартууга тыюу салды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG