Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Өзбек өкмөтү Кыргызстан менен чек араларын дагы бекемдемей болду


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өлкөнүн Кыргызстан менен чек араларындагы коопсуздукту камсыздоо боюнча чукул чараларды кабыл алып, өзбек-кыргыз чек арасын кошумча аскерлер менен бекемдөөгө буйрук берди. "Франс-пресс" агенттиги кабарлагандай, өзбек өкмөтү чек аралардагы чукул чараларды бейшембиде Кыргызстандын Жалалабад шаарында ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө кылмыштуу топ кол салып, курал-жаракты карактап кеткенинен улам киргизүүдө. Жалалабаддагы кол салуу учурунда 5 милиционер жарадар болуп, 40 чакты курал уурдалган. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов жума күнү ал кылмышты жасаган 8 кишинин жетөө жана уурдалган куралдын көбү кармалганын, алар түрмөлөрдө отурган адамдарды бошотуп, өлкөдөгү саясий кырдалды курчутуш үчүн ок-жабдыкка кол салганын билдирген. Ал кылмыштуу топтун башчысы Адыл Каримов азырынча колго түшүрүлө элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG