Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

«КАЙЫҢДЫ-КАНТ» ТАРЖЫМАЛЫ, УУРДАЛГАН КУРАЛДАР, КӨЛДҮН КИРГИЛИ


Апта аягындагы кыргыз басылмаларында Кайыңды кант заводу кантип жеке колго өткөнү, Жалалабаддан курал уурдоонун себеп-жөнү, жайкы эс алуу жакындаган чакта Ысыккөл тууралуу миш-миш кептер арбып, анын салакасынан эс алуу жайлары зыян тартышаары арбын чагылдырылды.

Республикадагы маалымдоо каражаттарынын апта аягындагы талаштуу темасы Жалалабаддан уурдалган куралдар болду окшойт. Жума күнкү “Моя столица” гезитинин маалыматына караганда, республикада буга чейин дегеле болбогон коркунучтуу кылмышты жасагандар шаардык, облустук ички иштер имаратына гана кол салышпастан, Сузак райондук милиция кызматкерлеринин куралын да тартып алууга аракет кылышкан. Алдын-ала кабар алып камдуу турушкан милиция кызматкерлерине кол салалбай, жолдон эки машинени тартып алган кылмышкерлердин төртөө Ташкөмүрдөн, калганы Аксыдан кармалышкан. Гезит авторлорунун жазганына караганда, бул окуядан сөзсүз жыйынтык чыгарылат. Милиция кызматкерлери “массалык тартипсиздикти токтотуу” деген аталыштагы көрсөтмөлүү машыгуулар менен саясий оюндарга акцент коюуну азайтып, жанкечти кылмышкерлер менен күрөштү күчөтүшү зарыл.

Ушул эле гезитте Геннадий Кузьминдин Кайыңды кант заводунун арзан баа сатылышынын чоо-жайына арналган макаласына орун берилген. Автордун жазышынча, кирешелүү ишкана өтө эле арзан бааланып, жеке колго сатылып кеткен. 18 миллион долларды кымтып кеткен Шалхар Жайсаңбаевдин көз боемочулугунун чоо-жайы Юрий Груздовдун “Шпунт мырза, демиңизди бир аз басыңыз!” деген макаласында баяндалат. “Бензин өкүмдары жоголуп кеткенден кийин ушу тапта Кыргызстанда эки божомол айтылып келет,- деп жазат автор.- Биринде “Жайсаңбаев өлүп калган» делинет. Экинчи божомол боюнча, ал апачык эле жашап жүрөт, атайын кызмат аны билет, бирок кармоого шашкан жери жок. Эгер ал кармалса, миллиондогон арам акчаларды катып койгон «Ак Үйдөгү» коррупциячылардын аты-жөнү билинип калышы ыктымал».

Жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде журналист Папан Дүйшөнбаевдин жазуучу Аман Саспаев менен маеги жарыяланды. Айтылуу жазуучу «Кытай-кыргыз сөздүгүн» түзүп, ушу тапта аны чыгаруу амалында жүрөт. 55 миң сөздөн турган жаңы сөздүктүн түзүлгөнүнө 2 жылдан ашуун убакыт өтсө да, сүрөөнчү чыккан эмес. Буга чейин Кытайда Макелек Өмүрбай «Кытай-кыргыз сөздүгүн» түзгөн. Жалалабад облус, шаар милиция имаратына кол салуунун дарек-дайны Догдурбек Өмүржановдун макаласында козголгон. Автордун маалымдаганына караганда, кол салгандар «мамлекеттик бийликти куралдуу төңкөрүш жолу менен кулатабыз» деп коркутушкан.

Ушул эле темага жума күнкү «В конце недели» апталыгы да кайрылды. Журналист А.Галуничев «Саясий бейбаштыктан – саясий бандитизмге чейин» деген макаласында «чектен тыш бул окуя өзгөчө жана катаал чараларды колдонууну талап кылат» деп жазат. «Ийге келтирүү, ымалага чакыруу аракетин токтотуу керек. Абийир, ыйманы жок адамдарды акылга чакырыштын кажети жок. Саясий чаарбаштыкка, алардын ыгына көнүү туура эмес. Кичине бирдеме болсо эле пикет, нааразылык, жүрүш, ачкалык жарыяламай. Мына ушуну көрмөкпүз».

Ушул эле гезитте А.Битюковдун «Маа десе мага таш ыргытсын!» деген макаласында Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын азыркы абалына жана тарыхына арналган Г.Ибраева менен С.Куликованын китебине сын пикир айтылат. А.Битюковдун пикиринде, китепте улуттук телерадиокорпорациянын коомдогу ролу толук ачылбай калыптыр.

«Эркинтоо» гезитинин апта аягындагы санында илимпоз Өскөн Осмоновдун «Манас» эпосунун тарыхый булактарына арналган макаласы, Бишкектин транспорт проблемасына арналган Данияр Шабдановдун баяндамасы, жазуучу Жээнбек Каримовдун «Ош жаңы доор босогосунда» аттуу ой жүгүртүүсү, өмүрдөн эрте кеткен лейлектик акын Айдаралы Жапаровдун эстелик ыр жыйнагы тууралуу Жумабек Медералиевдин эскермеси жарыяланган.

Жалалабаддагы окуяга жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезити да кайрылган. «Кандайынан келгенде да биздин милиция сестүү эскертүүгө кабылды», деп жазат гезит кабарчылары Эрлан Сатыбеков менен Махамаджан Урумбаев. Алардын пикиринде, ички иштер системасы кардиналдуу реформага муктаж. «Көл кылаасында туристтик сезон ачылаар маалда ар кыл миш-миштер, биринен экинчиси коркунучтуу учуртма кептер арбыйт», деп маалымдайт Юрий Александров. Ушу тапта орусиялык телеканалдар Кыргызстандагы уу калдыктарынын абалы тууралуу узун сөзгө киришкен чагы. Ууланып калуудан чочулаган калк 1998-жылы көлгө келбей коюшкан.
XS
SM
MD
LG