Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен Кытайда дагы 24 адам каза болду


Кытай өкмөтүнүн айтымында, өлкөдө өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен дагы 24 адам каза болду жана бул жаңы оорудан өлгөндөрдүн саны эки жүз сексенден ашты. Оору жуккан адамдардын саны беш миң эки жүздүн тегерегинде. Дабасы табыла элек бул оорудан Гоңкоңдо өлгөндөрдүн саны 240тан ашты. Ооруга акыркы эки-үч айда дүйнөдө сегиз миңден ашык адам чалдыгып, анын алты жүзгө жакыны каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG