17-майда Жакынкы Чыгышта Израилдин премьер-министри Ариель Шарон менен Палестинанын жаңы премьер-министри Махмуд Аббас кездешип, тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо маселеси боюнча сүйлөшүүдө. Аббас премьер болуп 30-апрелде дайындалган жана акыркы эки жылда Палестина менен Израил ортосунда жогорку деңгээлде жолугушуу болгон эмес. АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусия жакында - Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы план иштеп чыккан, ал план боюнча 2005-жылы эгемендүү Палестина мамлекети пайда болууга тийиш.