Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Францияда - дүйнөнүн эң өнүккөн жети мамлекетинин каржы министрлери жолугууда


Дүйнөнүн эң өнүккөн жети мамлекети менен Орусиянын каржы министрлери 17-май күнү Францияда чогулуп, экономикалык маселелерди талкуулай баштады. Бирдиктүү акча - евро - пайдаланган 12 европалык өлкөдө үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде экономикалык өсүш болбой калган. Андан тышкары, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам көрсөтүү жана Ирактын карыздарын кечүү маселелери да каралууда. Эң өнүккөн жети мамлекеттин катарына АКШ, Алмания, Италия, Жапания, Канада, Улуу Британия жана Франция кирет жана июн айында Францияда бул топтун бийик жолугушуусу өтүүгө тийиш. Ага Кытай менен Орусиянын жетекчилери да чакырылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG