Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Мароккодогу террор аракеттеринен кыркка жакын адам набыт болду


17-майга караган түнү Африканын Марокко мамлекетинде бир нече террор аракети ишке ашырылып, 39 адам курман болду жана дагы алтымышка жакын киши жарат алды. Өлгөндөрдүн ону - өздөрүн жардырып жиберген жанкечтилер. Жарылуулар Касабланка шаарындагы Жөөт маданий борборунда, Испаниялык клубда, кымбат мейманканада жана Бельгиянын консулдугунда болгон. Эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек, бирок Марокко өкмөтүнүн айтымында, үч шектүү адам кармалды. Дүйшөмбү күнү Сауд Арабияда үч жардыруу болуп, андан 34 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG