Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Кыргыз өкмөтү энергетикалык компанияларга талапты күчөттү


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү электр энергиясын ташуучу «Улуттук электр тармак» жана электр энергиясын бөлүштүрүүчү «Ошэлектро», «Жалалабадэлектро», «Түндүкэлектро», «Чыгышэлектро» компанияларынын алдына электр энергиясынын техникалык жана коммерциялык чыгымдарын кескин кыскартуу талабын койду. Эгерде өкмөт электр энергиясынын чыгымдарын азайтууга жетишсе, Эл аралык Валюта Фонду жана Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын жоюуга макулдук беришет. Электр компаниялары жакынкы айларда чыгымдардын себептерин жана анын көлөмүн так аныктоого тийиш. Кыргыз өкмөтү ушул жылдын аягында өтө турган Париж клубунун сессиясында бул багыттагы аткарган иштери тууралуу отчет берет.
Коопсуздук Кеңешинин 31-марттагы жыйынында Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 40% ашууну ар кандай жоготууларга учурай тургандыгы айтылган.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG