Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Баткенде Евробиримдиктин программасынын долбоору иштей баштады


БАТКЕН. Баткен облусунда Европа Биримдигинин кичи жана орто бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында «Өз жумушуңду башта» аттуу долбоор иштей баштады. Аны жүзөгө ашыруу үстүндө иштеп жаткан Коммерциялык эмес уюмдар консорциумунун кызматкери Перизат Сурановадан бүгүн алынган маалыматка караганда, долбоор облустагы чакан жана орто бизнестин ишин жандандыруу жана өнүктүрүү максатын көздөйт. Азыр бул уюм облустун аймагында жаңыдан иш баштап жаткан ишкерлерди ишти баштоонун, андан ары алып кетүүнүн жолдоруна үйрөтүүдө. Долбоорду ишке ашырыш үчүн облустагы «Каныкей эне», «Устат» жана «XXI кылымдын балдары» аттуу бейөкмөт уюмдар тартылган. Долбоор бир жылдык мөөнөткө эсептелген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG