Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

Укук коргоочулар эл аралык уюмдарга жана шаардык сотко арызданмак болушту


БИШКЕК. Кыргызстандагы Адам укуктары институтунун лидери Топчубек Тургуналиев жана Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун кечээ аларга 1000 сомдон айыппул салып, дагы 7 кишиге эскертүү берген Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып берүү арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышат. Мындай маалымат бүгүн укук коргоочу Турсунбек Акундан алынды. Анын айтымында, милиция кызматкерлери Жогорку Кеңештин алдына нааразылык пикетине чыгышкан укук коргоочуларды, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн мыйзамсыз кармап кетишкен жана Биринчи Май райондук соту пикеттин катышуучуларына мыйзамсыз айып салган. Бүгүн Топчубек Тургуналиев жана Турсунбек Акун баштаган укук коргоочулар Европа парламентине, эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарына, Кыргызстандын Акыйкатчысына кайрылуу менен чыгышты. Кайрылууда кечээ Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыккан жарандарды милиция кызматкерлери мыйзамсыз түрдө, уруп-сабап камагандыгы жана аларды соттогон судьялар бийликтин көрсөтмөсүн аткаргандыгы айтылат. Кайрылуу ээлеринин сөзү боюнча, кыргыз бийлиги адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык макулдашууларды, конвенцияларды жана келишимдерди аткарбай, дале болсо адам укуктарын басынтып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG