Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ КАЗАКСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНГА ЧЕЙИНКИ АВТОЖОЛГО ЧЕК АРА АРКЫЛУУ ӨТКӨРМӨ БЕКЕТТЕРДИ КОЮУ ЖАГЫН КАРАШТЫРУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек 15-апрелде Кыргызстандын Чек ара кызматы парламентке коңшу мамлекеттерге жөнөтүүгө даярдалып жаткан келишимдердин долбоорлорун алып келди. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук жана коргонуу комитетинине мүчө болгон депутаттар Казакстан менен Кыргызстандын жана Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы автожолдорго кыргыз бекеттерин коюу туурасындагы келишимдин долбоорун жактырып беришти.

«Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө бекеттерди коюу тууралуу» келишимди кыргыз өкмөтү даярдап, ага тиешелүү министрликтер кол койду. Ал Жогорку Кеңештин элегинен өткөндөн кийин Казакстан менен Өзбекстандын жогорку бийлик органдарынын кароосуна жөнөтүлөт. Депутат Исмаил Исаков башкарган комитеттин жыйынында Кыргызстандын өткөрмө бекеттерин Өзбекстан тарапка жана Казакстанга чейинки жолго орнотуунун тегерегинде сөз болду. Эң өкүнүчтүүсү - бул мамлекеттер эчак эле Кыргызстанга кетчү жолго өз бекеттерин коюп алышкан. Кыргызстандыктар Алматыга же Ташкенге баратканда бул бекеттердин ары тыкыр, ары татаал текшерүүсүнөн өтүшөт. Эгемен мамлекет болуп туруп, Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен байланышчу автожолдорунда бир дагы чек ара аркылуу өткөрмө бекеттери жок. Чек арага көзөмөл кылуу башкармалыгынын жетекчиси Аскарбек Төрөев бул кемчиликти баса белгиледи. Анын билдиргенине караганда, Өзбекстан менен байланыштырган жолго 14 жана Казакстанга чейинки жолго 11 бекет орнотулат.

- Кыргызстандын бул мамлекеттер менен чектешкен жеринде бир да өткөрмө бекети жок. Ал эми Казакстан да, Өзбекстан да чек ара бекеттерин эчак орнотушкан. Биздин эл эле кыйналып атат. Мисалы, өзбек бекеттеринде кандай текшерип атышканын гезиттерден деле окуп атабыз. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосуна 14, Казакстан тарапка 11 бекет коюлган атат. Эгер жөнөкөйлөштүрүлгөндөрүн да санасак, бул мамлекеттердики мындан да ашат. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бул бекеттердин коюлушу абдан маанилүү, - дейт полковник Төрөев.

Бирок, адистердин баамында Кыргызстандын мынча бекетти дароо орнотууга чамасы келбейт. Ар бир бекеттин курулушуна 20 миң сомго чейинки каражат талап кылынат. Полковник Төрөевдин болжолунда, 25 бекетти орнотуш үчүн кеминде 500 миллион сом талап кылынат.

- Мынча каражатты дароо табыш оор болот. Бекеттердин эң маанилүүлөрүнөн баштап үчтөн-төрттөн куруп отурсак, Кыргызстанда каражат табылат, - дейт полковник Төрөев.

Чек ара кызматы азырынча жогоруда аталган эки мамлекет үчүн гана келишимдердин долбоорун даярдады. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосуна биздин өткөрмө бекеттерди орнотуу боюнча келишим да жакын арада даярдалып, тажик тарапка сунушталаары 16-май күнү ошол жыйында дайын болду. Тажикстан менен Кыргызстандын аралыгындагы жолдо азыр тажик бекеттери өз милдетин аткарып атышат. Келечекте кыргыз өкмөтү бул жолго төрт өткөрмө бекет коюуну ойлонууда.

Чек ара бекеттеринин жоктугу Кыргызстанга мыйзамсыз мигранттардын агымын, аткезчилик жол менен курал-жарактын, баңгизаттардын киришин күчөтүүдө. Эгер Ооганстанда бир жылда 4,5 тонна баңгизат өндүрүлсө, полковник Төрөевдин айтымында, Кыргызстанда эле жылыга 3-4 тоннадан кем эмес баңгизат кармалат.

Кыргызстан эгемен мамлекет катары биринчи кезекте чек арасын кулпулап, анын сакчылыгында бекем турганы оң. «Элдин жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн маанилүү болгон өткөрмө бекеттерди орнотуу маселеси буга чейин эмне үчүн көтөрүлгөн эмес?» деген соболго тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев мындай деп жооп берди:

- Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен чек ара тилкелерин тактап атты. Эми гана өткөрмө бекеттерди койчу мезгил келип жетти. Чек ара кызматы демилгечи болуп, бул маселеге тиешелүү бардык кагаздарды даярдоодо. Келечекте бул маселе ийгиликтүү чечилээрине ишенем.

Тышкы иштер министринин орун басары Ж. Кулубаев мырзанын пикиринде, бул келишимдеги шартка Өзбекстандын да, Казакстандын да жетекчилиги каршы болбойт.
XS
SM
MD
LG