Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

АКСЫЛЫКТАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫ, ЖАЛАЛАБАДДАГЫ КОЛ САЛУУ, ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН КРЕДИТИ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Аксы окуялары боюнча айыпталгандардын акталып чыгышы былтыркы бул трагедиянын азабын тарткандардын катуу нааразылыгын жаратты. Ал арада Жалалабаддагы облустук жана шаардык милиция органдарына кылмышкерлердин кол салышы өлкөнүн күч органдарынын чабалдыгын эл көзүнө көрсөтүп койду. Ал эми Дүйнөлүк Банк өлкөгө жакынкы жылдары 171 миллион доллар берүү ниетин ачыктап, Орусиянын “Газпром” ишканасы Кыргызстандын газ жана мунай кендерин бекер изилдеп берүүгө, өлкөнү газ менен камсыз кылуу жагынан көмөк көрсөтүүгө макулдук берди.

Мурда күтүлгөндөй эле, бул аптада саясат иликтөөчүлөр үчүн негизинен түштүктөгү окуялар кызыгуу жаратты. Анткени Карасуу менен Каракулжадагы шайлоо тынч өтүп, Замирбек Парманкулов менен Муратбек Малабаев көптөн күткөн депутаттык мандаттарына жетишкени менен, былтыркы Аксы трагедиясына байланышкан окуялар башкача уланды. Өткөн жылы 6 кишинин өмүрүн алып кеткен окуя боюнча күнөөлөнүп жаткандардын Майлысууда республикалык Аскер соту тарабынан толук акталып чыгышы айрымдар үчүн кадыресе эле нерсе болсо да, көпчүлүк үчүн чынында күтүүсүз окуя болду. Бир катар талдоочулар “сот Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткандарга актоо өкүмүн чыгарбайт, же өкүмдү кийинкиге калтырат” деп болжоп келишкен. Баарынан да ушундай кырдаалда Бишкекке келген аксылык аялдардын нааразылык акциясы тартип коргоо органдарынын катуу иш-аракеттерине учурап, айрымдары таяк жеп, калгандарын соттоо аракети кызык болду. Бул да болсо бийлик органдары түштүктөгү саясий жана социалдык нааразылыкты таназарына албаганын, коом менен диалогду четке какканын кыйыр түрдө болсо да көрсөтүп турат. Анткени тартип коргоо органдарынын мынчалык катаал аракети эми карапайым калк арасында мурдагыдан да күчтүү, келишпес позицияны калыптандыра тургандыгын айтуунун зарылдыгы жоктур. Башкасын тим койгон күндө да аксылыктардын кеги ичинде калаарына Боспиекте набыт болгон Сапаралиев Кадыркулдун эжеси Курамбаева Бурулбүнүн арманы деле айкын далил.

- Бишкекке келсек биерден бизди кордойт. Андан көрө атып салышсын! Атабыз дешсе тизилип туруп беребиз. Акаев алдыбызга келсин. Бул эмне деген кордугу? Энелердин жарымысы сулап жатат. Жерин саткан, элин аткандын кереги жок бизге. Биз дагы эле тура беребиз. Атмайынча тура беребиз, бул кылган кордугу эстен кетпес! Биздин жүрөгүбүзгө так салган аябай, - дейт Курамбаева Бурулбү.

Баарынан коркунучтуусу – социалдык нааразылык чындап эле белгилүү бир укуктук чектен чыгып кете турган болсо, тартип коргоо органдары ага анча уюшкан каршылык көрсөткүдөй чамасы жетчүдөй көрүнбөйт. Аптанын ортосунда Жалалабаддагы облустук жана шаардык милицияга кол салган кылмыштуу топ кыйналбай-этпей эле укук сакчыларын сабап, баш-аягы 33 даана курал-жаракты ок-дарысы менен уурдап качышканын башкача түшүндүрүш кыйын. Бул туурасында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун айтканы чындыкка жакын сыяктанат.

- Жалалабад шаарынын ички иштер бөлүмүн тоноп кеткенден кийин УВДга баргычакты уктап атышканбы? Жок дегенде УВДнын эшигин жаап алганга кудурети жетпегенби булар? - дейт Азимбек Бекназаров.

Айтмакчы, жалалабадда милицияга кол салгандардын көбү кармалды, бирок ушул окуядан улам коңшулаш Өзбекстан чек ара аймагында коопсуздук чараларын күчөттү. Бул болсо чек арадагы ансыз да көйгөйлүү абалды мурдагыдан да курчута турган өңдөнүп калды. Ал арада өнөгөсүз өпкө дартына байланыштуу өкмөттүн токтомуна ылайык кыргыз-кытай чек арасы жабылды. Антсе да жакында кытайлык адистердин Ысыккөлгө келип, Сарыжаз өрөөнү аркылуу Кытайдын Аксуу аймагына бара турган жол курулушун бүткөрүүгө 34 миллион сом бөлүүгө даяр экенин билдиришкени бул өлкө менен экономикалык алака-катыштардын кыйла келечектүү экендигинен кабар берет.

Дегинкиси өкмөт айрым бир макроэкономикалык жетишкендиктердин жардамы менен өлкөдөгү социалдык нааразылыкты басаңдатууга үмүт артып тургандай. Кайсы бир өңүттөн алып караганда анын да негизи бар өңдүү. Атап айтканда, Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга кийинки 4 жылда 171 миллион доллар бөлүп, анын 29% келерки жылдан баштап грант түрүндө бере баштайт. Бул каражат экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүүгө, адамдарды иш менен камсыз кылууга, адамдын өнүгүшүнө социалдык шарттарды жакшыртууга, мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүгө сарпталат. Мындан тышкары, премьер-министр Николай Танаев менен Орусиянын «Газпром» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер кыргыз өкмөтү менен «Газпромдун» ортосунда газ тармагында узак мөөнөткө кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. 25 жылга эсептелген бул документке ылайык «Газпром» Кыргызстандагы газ жана мунай кендерин бекер изилдеп берүүгө, газ түтүктөрүн ремонттоп, жаңыртууга жана республиканы газ менен камсыз кылууга жардамдашат. Мындан тышкары, «Газпром» Майлысуудагы жер алдындагы газ сактоочу жайды кайра калыбына келтирүүгө жардам берээри белгилүү болду. Өкмөттүн мындай аракеттери күтүлгөндөй натыйжа береби-жокпу, аны убакыт көрсөтмөкчү.
XS
SM
MD
LG