Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Бишкекте Кожомкул балбанды эскерүүгө арналган эркин күрөш боюнча мелдеш улантылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкулду эскерүүгө арналган мелдеш улантылды. Эркин күрөш боюнча бул мелдеш 42-жолу өткөрүлүп жатат. Бул жолу Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын жана Иран Ислам Республикасынын 131 балбаны күч сынашууда. Эл аралык турнирде Кыргызстандын намысын жаштар арасында дүйнө чемпиону Уран Надырбек уулу, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Уларбек Тууганбай уулу, Табылды уулу Сүймөнкул, Алмаз Эргешов жана башка балбандар коргоп жатышат. Турнир быйыл июнь айында Делиде өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрүүнүн, балбандарды сыноонун бир этабы болуп саналды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG