Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Аксылык аялдар Бишкекте ачкачылык акциясын улантышууда


БИШКЕК. Аксы окуясында курман болгондордун жана жараат алгандардын энелери, эже-карындаштары бүгүн ачкачылык акциясын улантышты. Ачкачылык жарыялаган 18 аял президенттен жана бийлик өкүлдөрүнөн Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн аныктып, жазага тартууну, бул окуя боюнча сот ишинин адилеттүү болушун, ошондой эле президент Аскар Акаев менен жолугушууну талап кылышууда. Ачкачылык жарыялаган аксылык аялдар Бишкек шаарындагы Жумабек көчөсүнүн 125-үйүнүн 3-батиринде отурушат. Эртең алар өздөрүнүн талаптары менен өлкөнүн башкы прокуроруна, Кыргызстандын Акыйкатчысына жана Эл аралык «Мээрим» фондунунун төрайымына кайрылуу жолдошмокчу. Ал эми Аксы окуясында набыт болгон Сатынбай Үркүнбаевдин бир тууган карындашы Нурбүбү Үркүнбаева Бишкек шаарынын № 4-ооруканасында жатат. Ал 16-майда аксылык аялдар менен бирге Аскар Акаевге жолугуу максатында Өкмөт Үйүн карай баратканда, милиция кызматкерлери тарабынан сабалган. Айрым ачкачылык жарыялаган аялдардын саламаттыгы начарлап баратканы байкалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG