Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

ЖАҢЫ СОЮЗ СООДАНЫ ЖАКШЫРТАБЫ?


Мындан үч айча мурун КМШнын төрт өлкөсү: Орусия, Украина, Беларусия жана Казакстандын президенттери өзүнчө жаңы экономикалык биримдик түзгөнүн жарыялашкан эле. Британдык "Жейнс" изилдөө борбору мындай аракеттердин артында Орусиянын стратегиялык кызыкчылыктары жатканына көңүл бурат. КМШнын аймагындагы соода-экономикалык кызматташтыктын буга чейинки тажрыйбасын эске алганда, жаңы биримдиктин көздөгөн максатына жетери көп күмөн саноолорду жараткан маселе.

Орусия, Украина, Беларусия, Казакстан КМШнын калган өлкөлөрүнөн бөлүнүп жаңы биримдикти негиздөө менен катар бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө киришти. Адистердин айтымында, бирдиктүү экономикалык мейкиндик деген түшүндүрмөдө үч идея: баажы союзу, валюталык союз жана Дүйнөлүк Соода уюмуна кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү координациялоо маселеси камтылган. Баажы союзу менен валюталык союз КМШнын аймагында мурдатан эле болгону белгилүү. Дүйнөлүк Соода уюмуна азырынча КМШнын экономикасы чабал башка төрт өлкөсү: Армения, Кыргызстан, Молдова жана Грузия гана мүчө. Эми жогорудагыдай максаттарды аркалоого, башкача айтканда, ич ара баажы жана валюта союзун түзүүгө, Дүйнөлүк Соода уюмуна чогуу – чараан кошулууга КМШнын экономикалык державалары катары саналган мамлекеттер биргелешип киришип олтурат.

КМШ өлкөлөрүнүн тышкы жана экономикалык саясатын координациялоого жетишүү Орусиянын узактан берки стратегиялык максаты экени талашсыз. Британдык "Жейнс" изилдөө борбору Москва учурда КМШнын лидерлери эл аралык изоляцияда калган өлкөлөрүн Орусиянын стратегиялык саясатына баш ийдирүү максатында пайдаланып жатканына көңүл бурат.

Маселен, Иракка "Кольчуга" тибиндеги радардык жабдуулар сатылганы тууралуу маалымат ачыкка чыккандан кийин украин президенти Леонид Кучманы АКШда жана Батышта кабыл албай калышты. Беларусиянын президенти Александр Лукашенко да көптөн бери эл аралык изоляцияда калган саясатчы экени маалым. Ал дагы БУУнун санкцияларын бузуп, Иракка курал сатылышына жол бергени үчүн айыпталган. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев болсо коррупциялык жаңжаалдардан арыла албай жүрөт. Андыктан алар мындай жагдайда Орусиянын жардамына муктаж. Москва да өз тарабынан жогорудагы президенттерге колдоо көргөзүүдө. Алсак узак убакыт бою КМШнын саясий жана экономикалык өңүттөрү боюнча Орусия менен эки ача позицияда жүргөн Украина быйыл жыл башында уюмдун төрагалыгына шайланды. Бул кызматты такай Орусиянын президенти гана ээлеп келген. "Жейнс" изилдөө борборунун пикиринде, украин президентинин КМШда төрагалык кылуусу юридикалык жактан күмөндүү. Анткени ,украин парламенти уюмдун уставын ратификациялаган эмес. Андыктан, Орусия КМШдагы төрагалыгын Украинага өткөрүп берүү менен акыркы жылдары АКШ жана Батыш өлкөлөрү жээрий баштаган украин президентине дипломатиялык колдоо көргөзгөндөй болду.

Айтор, эгер чын эле бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы ишке ашса Орусиянын КМШ өлкөлөрүнүн соодасына, тышкы саясатына таасир көргөзүүсү күчөйт. Орус президенти Владмир Путиндин планында, КМШнын жаңы экономикалык структурасы Европа Биримдигине атаандаш болууга жардам бериш керек. Апрель айында Душанбеде болгон саммитте тараптар жалпы сөздөрдөн конкреттүү аракеттерге өтөрү айтылганы менен КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыктын буга чейинки тажрыйбасы келечектен көп үмүттөндүрбөйт. Өткөн жылдар көргөзгөндөй, КМШ структураларынын көпчүлүгү натыйжалуу иштеген жок, турмушка ашкан келишимдер сейрек.

АКШдагы Карнеги Фондунун кызматкери, кезинде чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө кеңешчилик кылган профессор Андерс Аслунд "Мурдагы Советтер Союзундагы соода" деген макаласында белгилегендей, төрт өлкөнүн жаңы биримдиги деле алардын эч кимисине пайда алып келбейт. Жаңы Баажы союзу иштеши арсар. КМШнын аймагындагы мурдагы Баажы союзу жараксыз уюм экени анык болгондо Евразия Экономимакылык Шеришктештиги болуп кайра түзүлгөн эле. Мунун себептерин профессор Аслунд КМШ өлкөлөрүнүн тышкы соода боюнча кызыкчылыктары бири-бирине төп келбегенинен, Орусия өзүнүн баажы саясатын КМШнын калган өлкөлөрүнө таңуулаганына көрөт. Профессор Аслунддун пикиринде, КМШнын ичиндеги соода ошол Орусия, Казакстан, Украина Дүйнөлүк Соода уюмуна киргенде гана оңолушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG