Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

АДЖАР АВТОНОМДУУ РЕСПУБЛИКАСЫ ГРУЗИЯНЫН МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАСЫНА САЛЫК ТӨЛӨӨДӨН БАШ ТАРТТЫ


Грузиянын курамындагы Аджар автономдуу республикасы Грузиянын мамлекеттик казынасына салык төлөөдөн баш тартты. Буга байланыштуу эки өлкөнүн жогорку даражалуу жетекчилеринин ишемби күнкү сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады. Аджариянын жетекчилигинин маалыматы боюнча, аталган республика мындай кадамдарга Грузиянын бюджетинен күн мурунтадан бөлүнгөн акчаны ала албай жаткандыктан улам барууда. Учурда борбордук бийлик Аджар автономиясына 70 миллион долларга жакын карыз.

Бакыт Аманбаев, Прага

XS
SM
MD
LG