Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Мароккодо террористтик беш жардыруунун уюштуруучулары изделүүдө


Марокконун өкмөтү Касабланка шаарындагы жардырууларга байланышы бар деп шектелген радикал исламчыларга каршы күрөшүн күч алдырды.
Ички иштер министри Мостафа Сахелдин айтымында, тергөө иши ыкчам жүрүп жатат. Беш жердеги жардырууга байланыштуу 30дан ашык киши камакка алынды. Жума күнкү жардырууларда 13 жанкечтиден тышкары 41 киши набыт болду.
Марокконун падышасы Мухаммед кечээ жардыруу болгон беш жердин үчөөндө болду. Касабланкадагы жөөттөрдүн борборуна, мейманканага, Бельгиянын консулатына, Испаниянын маданий борборуна жана ресторанга жасалган чабуулдар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Бийликтер террорчул "ал-Каида" уюмуна боор тарткан радикал исламдык топтордон шек санап жатат.

XS
SM
MD
LG