Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Иерусалимдеги эки жардыруудан кийин Израилдин палестиналык аймактар менен чек арасы кайра жабылды


Кечээ эртең менен жөөт динаятчысындай кийинген палестиналык жанкечтинин чабуулунан жети киши каза тапты. Ага жакын жерде дагы бир жанкечти өзүн өзү жардырды, бирок экинчи чабуулдан эч ким жапа чеккен жок.
Алдыңкы түнү Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон Палестинанын премьер-министри Махмуд Абаска жолугуп, Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы тынчтык планын колдобой тургандыгын айткан эле.
Жардыруулардан кийин Шарон Вашингтонго визитинен баш тартты. Ал эми Израиль өкмөтүндөгү жыйындан кийин Израилдин армиясы Батыш Жээк жана Газа Тилкеси менен чек ара жабылып жаткандыгын жарыялады.
Махмуд Абас менен катар Кошмо Штаттары, Британия, Европа Союзу жана Европа Кеңеши Иерусалимдеги жардырууларды айыпташты.

XS
SM
MD
LG