Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

МАРОККОДОГУ ЖАРДЫРУУЛАР ИЛИКТЕНИП ЖАТАТ


Марокконун коопсуздук органдары жума күнкү терракттарды иликтөөнү улантып жатат. Алгачкы маалыматтарга ылайык, жарылуулар жергиликтүү ислам топторунун жардамы менен уюштурулган. Өлкө боюнча бир нече киши террактка байланышы бар деп шектелип, кармалганы маалымдалууда. Дипломатиялык булактардын тастыктоосунда, Касабланкага америкалык жана франциялык антитеррордук адистер келе баштады.

Жума күнкү кыянаттыктан 28 бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылып, дагы 100гө жакыны жараат алып, ушул тапта ооруканаларда жатат. Марокконун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жарылуу маалында 13 жанкечти мерт болду. Кылмышкерлердин бирөө аман калып, азыр полиция тарабынан суралып жатат.

Жекшембиде өлкөнүн юстиция министри Мохамед Бузубаа анын маалыматына таянып буларды билдирди:

- Колго түшкөн киши жума күнкү акцияларды уюштурган топ жөнүндө деталдуу маалымат берди. Жанкечтилердин саны 14 экени аныкталды. Биз алардын жетөөсүнүн аты-жөнүн, үй-бүлөлөрүн, жашаган жерлерин тактадык. Кармалган адам жараат алгандыктан ал азыр ооруканага жайгаштырылды, андан кийин сурагын улантабыз.

Министрдин айтымында, жанкечтилердин бардгы тең марокколук жарандар бирок жаңы эле чет өлкөлөрдөн кайтып келишкен. Алардын көпчүлүгү Касабланканын чет белиндеги Сиди Мумен деген жердин тургундары. Жекшемби күнү аталган шаарчада коопсуздук чаралар күчөтүлүп, полиция бир нече рейд уюштурду. Аймакка кире бериште полициянын атайын посттору орнотулуп, келген-кеткен автомашиналардын бары кылдат текшерүүгө алынып жатты. Жергиликтүү тургундардын бирөө - жашылча-жемиш сатып отурган Абделлах Лоти - соңку террор эл арасында коркуп-кооптонууну жаратканын айтат. “Эми балдарым үйдө жалгыз калганда эшикти жакшылап бекиткиле деп улам-улам кайталайм. Үйдүн ичине бомба коюшат деп коркуп калдым”, - дейт Лоти.

Сиди Мумен Марокконун жарды аймактарынын бири. Бул жер ошондой эле ислам фундаменталисттеринин очогу катары белгилүү.
Полиция жанкечитлердин “Салафия Жихадия” деген экстремисттик топ менен байланышы бар же жоктугун иликтеп жатат. Аталган уюм “Ал-Каида” менен кызматташтыгы үчүн айыпталып келген. Коопсуздук күчтөрү дагы бир жергиликтүү топту “Аттакфир вал Хижраны” көзөмөлгө алды. Атын атабоону өтүнгөн офицердин болжолунда, бул топ да “Ал-Каида” менен байланышып турат. Беймаалым калууну каалаган дипломаттын ырастоосунда, марокколук полицияга кол кабыш кылуу максаты менен Касабланкага америкалык жана франциялык адистер келе баштады.

Марокконун мурдагы падышасы маркум Хасан Экинчинин доорунда өлкөдөгү согушчан топтор көзөмөл астында болуп келген. Бийликке Хасандын уулу Мохаммед 4чү келгенден бери алар бир аз жандана баштады. 1999-жылы тактыга отурган Мохаммед өлкөнү демократиялаштыруу багытында бир нече демилгелери менен белгилүү.

Соңку жардыруга чейин Сиди Мумендик “Ассират ал-Мустаким” деген топ кадыресе кылмыш тобу катары каралып келген. Алгачкы ирет алар жөнүндө 2002-жылы сөз кыла башташкан. Былтыр февраль айында уюмдун мүчөлөрү жергиликтүү бир тургунду ташбараңга алып, өлтүрүшкөн. Топтун жетекчиси делген Закария Милуди апрель айында камакка алынып, бир жылга түрмөгө кесилген. Ассиратчылар Усама бин Ладенге идеологиялык колдоо көрсөтөөрүн буга чейин жарыялашкан эле. Алардын көпчүлүгү Ооганстанда алгач советтик аскерлерге каршы күрөшүп, андан кийин талибдерге ислам тартибин орнотууга жардам көрсөтүп келишкен.

Мароккодо өлкөдө аракеттенген ислам топтору жөнүндө толук эмес жана карама-каршы маалымат берилип келчү. Өткөн июлда ислам иштери боюнча ал кездеги министр Абделкбир Мдагри Алауинин “Марокконун эң консервативдүү делген исламчылары деле зордук-зомбулук менен террорго барбайт” , - дегени бар.
Былтыр сентябрь айында болгон жалпы элдик шайлоонун натыйжасында исламчыл Адилет жана өнүгүү партиясы парламенттеги эң ири үчүнчү партия болуп калды. Аталган партия жума күнкү террактарды айыптап чыкты.

Марокко адатта дүйнө коомчулугу тарабынан тынч туристтик жай катары бааланып келчү. Буга байланыштуу Ахмед Шакир аттуу жергиликтүү такси айдоочусу “Нью-Йорктогу соода борбору жардырылат деп америкалыктар ойлоптурбу? Биз да мындайды күткөн эмесбиз”, - дейт.

XS
SM
MD
LG