Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Бишкекте Каба уулу Кожомкулдун эстелигине арнаалган күрөш жыйынтыкталды


БИШКЕК. Күч сынашуу абдан курч мүнөздө өтүп, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Иран жана Кыргызстандын 131 балбаны эки күн мөрөй талашып, мыктылары финалда тандалды. Жеңил салмакта тажырыйбалуу балбан Нурдин Дөңбаев жеңишке жетти. 60 кг. салмактагы жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан ага тең чыкчу балбан жок экендигин айгинеледи. Улан казакстандык Марс Эрназаровду артыкчылык менен утту. 66 кг. салмактагылардын финалында ирандык Абдолгасен Торкоманды кыргызстандык Табылды уулу Сүймөнкул утту. Ошондой эле 74 кг. салмакта кыргыз балбаны Талант Жекшеновго алтын медаль тагылды. Казакстандык балбандардан Вадим Токаев баш байгенин ээси болду. Эки оор салмактагы таймашта ирандык балбандар Саед Тахмасебинежад менен Сасан Мардани алтын медалга арзыды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Бекташ Шамшиев, Бишкек

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG