Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:45

Түрк генералы Бишкекке келет


БИШКЕК. 21-майда Кыргызстанга Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы аскерий штабынын пландоо жана ресурстарды башкаруу департаментинин башчысы, генерал-майор Жахангир Думанлы келет. Ал Бишкекте Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев баш болгон аскерий жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу аскерий кызматташуу маселелерин талкуулайт. Түрк генералынын сапары учурунда эки тараптуу макулдашууга кол коюлат. Ага ылайык, түрк тарап Кыргызстанга аскерий жактан жардам көрсөтмөкчү. Кыргызстан менен Түркиянын аскерий кызматташуусу 1993-жылдан бери уланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG