Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Дары сатуучу фирмаларга жеңилдик берилди


БИШКЕК. 19-майда Кыргызстанда калкты дары-дармек менен камсыз кылуу жана бул тармакка колдоо көрсөтүүгө арналган жолугушуу болду. Вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев өткөргөн ал жыйында дары-дармек тармагына көзөмөлдү жеңилдетүү үчүн чет өлкөлүк фармацевтикалык фирмаларды каттоого алынуучу төлөмдүн көлөмү 1500 доллардан 1000 долларга, кайра каттоо 500 долларга азайтылганы жана КМШ менен Балтика боюндагы фирмаларды каттоо 300 доллар болгондугу айтылды. Андан тышкары дары сатуучу тараптардан патенттик салык алынбай, жүгүртүүдөн түшүүчү 4 % жергиликтүү салык гана алына тургандыгы маалымдалды. Жолугушууда айтылганга караганда, мындай чечим инвестициялык абалды жакшыртып, дары-дармек чыгаруучу чет элдик фирмалардын Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачуусуна жол ачат. Дарылардан алынуучу кошумча нарк салыгы жыл башында алынгандан бери бул тармактан түшкөн салыктын көлөмү төрт айда 3 миллион 200 миң сом болгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 51% көп.

XS
SM
MD
LG