Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

ЕККУ ИИМ реформасын колдойт


БИШКЕК. 19-майда Австриянын борбору Вена шаарында Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоого байланыштуу программасын талкуулаган жыйын болду. Ага кыргыз тараптан президенттик администрациянын жетекчи орунбасары Темирбек Акматалиев, ЕККУдагы элчи Аликбек Жекшенкулов жана ички иштер министринин биринчи орунбасары Расулберди Раимбердиев катышты. Жыйындын жүрүшүндө ЕККУдагы АКШ, Франция, Дания, Түркия, Англия, Франция, Голландиянын өкүлдөрү Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоону жана ага байланыштуу ЕККУнун программасын колдоорун билдиришти. ЕККУ программасы 18 айга эсептелип, ага 4 млн еврого жакын каражат сарпталмакчы. Программа жети долбоордон турат. Алардын ичинде тергөөнү жакшыртуу, баңги ташууга каршы күрөш, Улуттук Криминалдык борборду түзүү, ИИМдин академиясынын ишин жакшыртууга багытталган долбоорлор бар. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG