Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Аксылык аялдардын акциясы уланууда


БИШКЕК. Президентке жолугуп талабын коюу үчүн Бишкекке келген аксылык аялдар 19-майда ачкачылык акциясын улантышты. «Энелер кыймылынын» төрайымы Дилбар Момукуловадан ушул күнү алынган маалыматка караганда, алар президентке, «Мээрим» эларалык фондусунун төрайымына, Акыйкатчыга жана Башкы прокурорго кайрылуу жолдошту. Анда Бишкекке Аксы окуясында каза болгондордун өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазага тартуу талабы менен келгендиктерин, күнөөлүүлөр жаза алмайын ачкачылык акциясын токтотпой тургандыктарын билдиришти. Дилбар Момукулованын айтымында, ачкачылык башталган үч күн ичинде бир врач басып келип, алардын абалын текшерген жок. Жергиликтүү бийликтен кабар алган киши болбоду. Ал эми «Энелер кыймылынын» Аксы районунун Карасуу айылындагы мүчөлөрү 18-майда жыйын өткөрүп, анда Бишкекке кеткен аялдардын милиция тарабынан кармалгандыгына, ачкачылык жарыялашкандыгына тынчсыздандыктарын билдиришти. 21-майда чогулуп, Бишкекке жөө жүрүшкө чыгуу же ачкачылык жарыялоо чечимин кабыл алуу бүтүмүнө келишти. Бул тууралуу аталган кыймыл төрайымынын Аксы районунун Карасуу айылындагы орунбасары Анара Жоробекова билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG