Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

КЫРГЫЗСТАНДА УЛУТТАР АРАЛЫК МАМИЛЕ КАНДАЙ?


Кыргызстанда жашаган улуттук азчылыкка байланыштуу проблемаларды 19-майда «Көп улуттуу Кыргызстан: кызматташтыктын чектери” аттуу Бишкек форуму талкуулады. Форумду Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун демөөрчүлүгү менен «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук бирикмеси өткөрдү.

1994-жылы Кыргызстан улуттар ассамблеясы түзүлүп, анын алгачкы жыйынында президент Акаев «Кыргызстан –жалпыбыздын үйүбүз» аттуу ураанды жарыялаган. Бирок, бүгүнкү форумдагы айрым көз караштарга караганда, бул ураанды сап кармаган Ассамблея иштиктүү аракеттерге караганда, жасалмалуулук, саясий ишаралар менен көбүрөөк алектенет. Өз кезегинде эларалык уюмдар улуттук азчылыктын саясий жана жарандык эркиндиктеринин чектелип жаткандыгы үчүн кыргыз бийлигин сындап келатышат. Бул айрыкча, тиешелүү мыйзамдын жоктугу, кыргыздан башка улуттардын коомдук-саясий турмушка өтө аз аралашып жаткандыгы менен байланыштырылат. 1998-жылы сунушталган «Улуттук азчылык жөнүндөгү» мыйзамды кыргыз парламенти кабыл албай койгон. Муну кезегинде айрым байкоочулар улуттук азчылыкты басмырлоо катары баалашкан. Бирок, мындай дооматты кыргыз бийлиги кийинчерээк орус тилине расмий макам берүү аркылуу жымсалдаган. Форумдун катышуучуларынын көз караштарына караганда, ушул өңдүү жагдайлар мамилелерди курчутуп ийиши толук ыктымал. Маселен, Жалалабад шаарындагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун башчысы Валерий Улеев:

- Улуттук азчылык өкүлдөрүнүн укуктук макамынын аныкталбай жатышынан улам, алар өздөрүнүн келечегин көрө, толук кандуу жаран катары сезе албай жатышат. Өлкөнүн эгемендүүлүгүн аз улуттар негизги улуттун эгемендүүлүгү катары гана кабылдоодо. Өздөрүн көңүлдүн сыртында калгандай туюп, реформа жараянынын толук кандуу катышуучусу катары сезе албай жатышат, - дейт.

Анын айтымында, эгер улуттук азчылыктардын саясий-коомдук турмушка катышуусу камсыздалбаса, улуттар ортосундагы ынтымакты эми дагы он жыл сактап туруш кыйын болот. Бирок, бул пикирди форумда талдоочулардын баары эле жакташкан жок. Айрымдары тилге, уруучулдукка байланышкан укуктук өксүктөргө кыргыздар өздөрү да кириптер болуп жаткандыгын белгилешти. Саясат таануучу Нур Омаровдун пикиринче, коомдук-саясий укуктарга байланышкан жагдайларды жөнгө салууда улут саясатынын опурталдуулугун эстен чыгарбоо керек:

- Кырдаал курчуп кетсе, биздин аны жайгарууга мүмкүнчүлүгүбүз жетпей калат. Ошондуктан, бышып жетилген маселени маалы менен чечүү зарыл, - деп билдирди ал.

Конституциялык соттун мүчөсү Марат Кайыпов Кыргызстанда улуттук азчылыктардын проблемаларына көз жуумп коюу мүмкүн эмес деген көз карашта:

- Маселени көтөрбөй коюш керек десе эле маселе көтөрүлбөй калбайт,- дейт Марат мырза.- Себеби, Кыргызстанда жашаган өзбектердин да, орустардын да, дунгандардын да өздөрүнүн максаттары бар. Эгер улут деген түшүнүктөн карасак, алардын негизги түпкү максат - улуттук негизде мамлекет курушубуз керек деген максат. Андайды болтурбаш үчүн ал улуттарды өз улутубуз менен теңештиришибиз керек. Биз унитардык мамлекет катары өлкөбүздү урпактар үчүн сактап калышыбыз керек.

Бирок, жагдай кандай өңүттө талданбасын, өткөн он эки жыл ичинде иштелип чыккан көп программанын катарында улуттар аралык мамилеге байланышкан мамлекеттик программа жок. Президенттин кеңешчиси, Стратегия институтунун директору Валентин Богатыревдун пикирине караганда, мындай программаны мамлекеттин иштеп чыгышынын кажети да жок. Аны коомчулук өзү даярдап, мамлекетке өзү сунушташы керек. Конституция боюнча ар бир улут аз-көп экенине карабастан, мамлекеттик башкарууга катышуу укугуна ээ. Богатыревдун пикиринче, улуттар аралык мамиледеги өксүктөрдү жайгарууну алдыда турган шайлоо кампаниялары шартташы ыктымал:

- Улуттук азчылык өкүлдөрүнүн алдыда турган айылдык, поселкалык, шаардык, райондук кеңештерге болчу шайлоого катышуусу өксүктөрдү чечүүгө көмөктөшөрүнөн үмүт этип турабыз.

Форумдун уюштуруучусу Төлөйкан Исмаилова күн тартибиндеги маселенин маанисин минтип чечмеледи:

- Биз эки жагын тең карап атабыз. Кээ бир эксперттер улуттук азчылыктар боюнча өзүнчө мыйзам болуш керек деп атышат. Экинчилери, аларга мен да кошулуп атам, Кыргызстанда сексен улут бар, анан эмне үчүн бөлүнүшүбүз керек?
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG