Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

ИЗРАИЛ ӨКМӨТҮ ПАЛЕСТИНАНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЯСИР АРАФАТ МЕНЕН ЖОЛУККАН ЧЕТ ӨЛКӨ ЖЕТЕКЧИСИН КАБЫЛ АЛБАЙ ТУРГАНДЫГЫН ЭСКЕРТТИ


Израилдеги Газа тилкесинде бүгүн да бир палестиналык жангечти өзүн-өзү жардырып, израилдик үч жоокер жараат алды. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти палестиналыктардын “Хамас” тобу мойнуна алды. Израилде кечээ да палестиналык эки жангечтинин чабуулунан жети адам каза болгон. Ал жардыруудан соң Израил бийлиги Газа тилкесине кирүүчү чек араны жаап салды. Жөөт өкмөтү ошондой эле Палестин президенти Ясир Арафат менен жолуккан өлкөлөрдүн жетекчилерин Израил бийлиги кабыл албай тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG