Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

РОССИЯ ПРЕЗИДЕНТИ ВЛАДИМИП ПУТИНГЕ ШЕК ТҮШТҮ


Өткөн аптада Германиянын полициясы SPAG компаниясынын Гессен жериндеги баш кеңсесин тинтүүгө алды. Немес маалымат булактарынын кабарлашынча, SPAG компаниясы россиялык кылмыш топторунун “арам акчаларын адалдаштырууга көмөктөшкөн” деп шектелүүдө. Россия президенти Владимир Путин 2000-жылга чейин бул компаниянын консультативдик кеңешине мүчө болгон.

Өткөн аптада немес полициясы Гессен, Гамбур жана Мюнхенде жайгашкан 28 фирманы тинтүүгө алды.

Маалымат булактарынын билдиришинче, кубаттуу Санк-Петербургддук кылмыш тобунун “арам акчаларын адалташтырууга” тиешеси бар деп шектелген 28 фирманын ичинде “Cанк –Петербургдун риэлторлор жана акционерлер компаниясы”- SPAG да бар.

SPAG, башка фирмалардай эле, Санк-Петербургдун аты аталбаган кылмыш тобуна караштуу бир нече миллион еврону көп сандаган батыштык фирмалар аркалуу мыйзамдаштырып, Россияга жөнөткөн жана ал акчаларга кыймылсыз мүлк сатып алынган.

Тергөөчүлөрдүн билдирүүсүндө Санк-Петербургда жайгашкан аты аталбаган кылмыш тобу “адамдарды жашыруун жолдор менен тыш өлкөлөргө жөнөтүүгө, уурдалган автомобилдер менен алкогол ичимдиктерин жашыруун сатууга, ошондой эле бизнес адамдарын талап-тоноого” катыштыгы бар деп көрсөтүлөт.

“Шпигель” журналы жазганга караганда, немес полициясынын рейди SPAG компаниясынын үстүнөн акыркы эки жылда жүргүзүлгөн тергөөнүн алкагында өткөрүлгөн.

Компаниянын негизги акционери Wertpapierhandels банкынын өкүлү Нико Баадердин айтымында, 25тен ашык полицай SPAGга тиешелүү бардык документтерди банктан алып кеткен.

Бул банкга SPAGдын акцияларынын 30 проценти таандык жана ал 1998-жылы SPAGдын баалуу кагаздарын Германиянын фондулук рыногуна биринчи жолу сатыкка чыгарган. Алач компаниянын бир акциясы 35 еврого сатылса, анын ишмердүүлүгүн полиция тергей баштагандан берки эки жылда бир акциянын наркы 54 центке түшүп кеткен.

SPAG 1992-жылы Санк-Петербург шаарынын мэриясы жана батыштык ишкерлер тарабынын Россиянын Түндүк борборундагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн түзүлгөн.

“Newsweek” журналынын германиялык тергөөчүлөргө таянып маалымдашынча, SPAG обол түзүлгөндө Россиянын азыркы президенти Владимир Путин компаниянын консультативдик кеңешине мүчө катары кирген.

Путин ал кезде Санк-Петербургдун мэри Анатолий Собчактын орун басары болчу жана тыш элдик инвесторлор менен иштөөгө жооптуу эле.

Журналдын ырасташынча, Путин 2000-жылдын март айында Россиянын президенти катары ант бергенден кийин гана “Cанк–Петербургдун риэлторлор жана акционерлер компаниясынын” консультативдик кеңешиндеги кызматын калтырган.

Россия президентинин администрациясы Владимир Путиндин Гесендик компания менен эч кандай байланышы болгон эмес деп билдирген.

SPAG компаниянын башкаруучу директору Маркус Резе Германиянын «Manager” журналына жакында берген интервьюда Владимир Путин кеңешчи болгону менен, кызматы үчүн эч кандай маяна албаган жана эч качан компанияга келбеген дейт.

Бирок, айрым талдоочулар, Резе мойнуна алгандай, Путиндин ысмы компаниянын кадыр-баркын көтөрүү, демек, акционерлердин “көзүнө чөп салуу” үчүн пайдаланылган деп жоромолдошот.

Байкоочулар ошондой эле россиялык чиновниктер менен карым-катнашы бар Рудольф Риттерди Лихтейнштейндин укук коргоо органдары жоопко тартканы жатканына көңүл бурушат.

Риттер SPAG компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары. Аны полиция Колумбиянын наркокартелдеринин 1 миллион доллардан көп акчасын Лихтейнштейндеги фирмалар аркылуу адалдаштырып берген деп күнөөлөп жатат.

Маалымат булактарынын билдиргенине караганда, Риттер мырза Путиндин бир кездердеги жакын досу, SPAGдын Санк-Петербургдагы филиалынын башчысы Владимир Смирнов тыкыз иштешкен.

Смирнов 2000-жылдын аягында Москвага Путин иштеп кеткен Кремлдин иш башкармалыгына которулуп кеткенче, Санк-Петербургдун бензин рыногунун монополисти эсептелген ширкетти жетектеген. Бул ширкеттин вице-президенти Владимир Кумарин-Барсуковдун Тамбов кылмыш тобунун жетекчиси болгон деп күнөөлөнгөнү маалым.

Смирнов азыр Атомдук энергия министрлиги алдындагы “Техснабэкспорт” агенттигин жетектейт.

XS
SM
MD
LG