Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:00

«Ооганстандагы кыргыздар жана вахийлер» китебинин автору, профессор Назиф Шахрани менен маек.

Жаңыл Жусубжан: Назиф аба, мен сиздин жаңы чыккан китебиңиз жөнүндө сурайын дедим эле. Бул китебиңиз кандайча кайра басылып калды? Ал алгачкы жолу жарык көргөн 1979-жылдан бери оогандык кыргыздардын жана ошондой эле вахийлердин турмушунда кандай олуттуу өзгөрүүлөр болду?

Назиф Шахрани: Бул китепти жазыш үчүн 1972-74-жылдары Памирге барып эки жыл ыраматылык Рахмонхон Ходжи кыргыз уулу менен жашадым. Китеп 1979-жылы «Юниверсити Вашингтон» басмаканасында басылып чыккан. Ал 1985-жылы сатылып бүткөн эле. Андан кийин башка иштер менен алек болдум. Китепти кайра басып чыгара албадым. Өткөн жылы Түркияга бардым. Өзүңүз билгендей, коммунисттер Ооганстанды басып алышканда Рахманкулхон туугандары менен Пакистанга келген. Ал жерде алар төрт жыл жашады. Буларды Түркиянын бийлиги чакырып, Чыгыш Түркиянын Ван деген провинциясына жайгаштырды. Мен Ванда төрт жолу болдум. 2001-жылы кайра бардым. Алар азыр Түркияда жакшы жашап турушат. Бийлик кыргыздарга жаңы айыл ачып берген.

Тогуз жылдын ичинде Ооганстанды орус мамлекети басып алгандыгы тууралуу китептин бир бөлүмүн жаздым. Бул маселелердин таасири, албетте, кыргыздарга да тийди. Кол жазмамдын биринчи бөлүмүндө кыргыздардын Ооганстанда, Пакистанда, Түркияда 2001-жылга чейинки жашоо-турмушу баяндалды.


Жаңыл Жусубжан: Биз Ванда жашаган кыргыздардан такай кабар алып турабыз. Алар менен катнаш бар. Бирок Ооганстанда калган Рахманкул хандын туугандары тууралуу кабар таңсык. Сиз алардан кабар алып турасызбы?

Назиф Шахрани: Жок. Мен өткөн жайда Ооганстанга, Бадахшанга да бардым. Азыр ал жерде 400-500дөй кыргыздар жашайт. Убактым аз болгондуктан, Вахонго бара албадым. Алардын жашоо-турмушу жөнүндө бадахшандыктардан сурадым. Алар тынч турушат. Бирок улутташтарыбыз кыйынчылыктар абдан көп дешти. Мен аларды жакшы билбейм. Рахманкулхон Түркияга барганда кандай кыйналганы тууралуу китебимде жаздым. Менин оюмча, китеп биздин калкка абдан керек жана өтө пайдалуу.

Жаңыл Жусубжан: Сиздин илимий китебиңизде оогандык кыргыздар менен катар, вахийлер тууралуу да сөз болот. Вахийлер кимдер, алардын кыргыздар менен кандай алыш-бериши бар?

Назиф Шахрани: Вахийлер тажик калкына кирет. Тажикче сүйлөшөт. Бирок, өздөрүнүн вахий тили да бар. Алар - кыргыздарга коңшу. Таранчы калкы деп аталышат.

Жаңыл Жусубжан: Таранчы деген кандай?

Назиф Шахрани: Таранчылар негизинен дыйканчылык кылышат. Ооганстан кыргыздары менен соода-сатык жүргүзүшөт. Памир тоолуу жер болгондуктан, арпа, күрүч себилбейт. Ошондуктан алар тамак-аштарды вахийлерден сатып алышат. Бири-бири менен жакшы турушат. Азыр да кыргыздар менен вахийлердин ортосунда болгон мамиле жакшы.

Жаңыл Жусубжан: Китебиңиздин жаңы кириш сөзүндө терроризмди Ислам дини пайда кылып жатат деген түшүнүктү четкке кагыпсыз. Терроризм темасынын оогандык кыргыздар менен байланышы барбы?

Назиф Шахрани: Жок, эч байланышы жок. Китептин башында көрсөтүлгөн. Ооганстанда болгон мамлекеттик түзүлүш жакшы болгон эмес. Калкы көп мамлекеттер аз сандагы калктарга басымдык кылган. Айрыкча акча, курал бергенде алар башка элдерге катаал мамиле жасашкан. Акыры ал улуттар ортосундагы жаңжалдашууга алып келген. Ооганстанда англичандардын жардамы менен бийликте пуштундар турган. Алар түрк, тажик, хазарейлерге ырайымсыздык менен мамиле жасашкан. Көп жамандык кылышты. Ошондуктан Ооганстанда согуш болгон. Террорго да ушундай мамлекеттик түзүлүш себепкер болгон. Жорж Буштун «биз терроризмди согуш менен жок кылабыз» дегени маанисиз сөз. Андан пайда чыкпайт. Терроризм токтобойт. Эгерде бийликтин мындай мамилеси өзгөрбөсө, калкка сөз бербесе, эч качан оңолбойт. Ар бир калк бийликти өз колуна алып, өзбек, кыргыз, тажиктер бир ата-эненин балдарындай ынтымакта жашашы керек. Эгерде Кабулдан пуштундар өздөрүнүн өкүлүн Памирге жиберсе, кыргыз, өзбек, тажиктердин үстүнөн падышалык кылуу, колониялдык саясат боло берет. Ушундай басынтуудан кутулбасак, Америка саясатын алмаштырбаса, терроризмден кутулбайбыз.

Жаңыл Жусубжан: Сиз китебиңизде дал ушул жөнүндө - Ооганстанда бийликти децентралдаштыруу, же жергиликтүү элдердин бийлик ыйгарымдарын кеңейтүү керек деп жазып атпайсызбы. Демек, сиз децентралдаштыруу оогандык кыргыздарга артыкчылыкты алып келет деп ишенет экенсиз да?

Назиф Шахрани: Качан гана Ооганстанда борборсуздаштырылган мамлекет уюштурганда, федералдык мамлекет түзүлгөндө, кыргыздар өздөрүн-өздөрү жетектегенге мүмкүнчүлүк алат. Коммунисттер бийликке келгенге дейре кыргыздар өздөрүнүн өкмөтүн түзүп алган. Алардын башчысы Рахманкулхон болгон. Коммунисттер келгенде абал өзгөрдү. Болочокто (алардын) бийлиги болсо, мамлекетке да, калкка да оңой болот. Бирок, жакында өзгөрүү болооруна көзүм жетпейт. АКШ Ооганстанга 2 млн. доллар берген. 70 миң жоокерден турган армия түзүлгөн. Алар талибдердей Ооганстанды басып алышат. Ооганстандын оңолушуна биздин үмүтүбүз жок. Жаман болуп кетиши мүмкүн.

Жаңыл Жусубжан: Демек федералдык структуралардын, федералдык өкмөттүн болушу Ооганстанда жакында боло турган нерсе эмес экен да?

Назиф Шахрани: Жок.

Профессор Шахранинин ооандык кыргыздар тууралуу материалдарын (англис тилинде) Интернетте төмөнкү адрестен таба аласыз:

http://www.indiana.edu/~afghan/nazif_shahrani.htm
XS
SM
MD
LG