Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Крымдык татарлар сталиндик депортациянын 59 жылдыгын белгилешти


Украинанын Крым жумуриятынын баш калаасы Симферополдо кечээ 12 миңден ашык крым татары демонстрация өткөрүп, украин өкмөтүнөн татарларга колдоо көрсөтүүнү талап кылышты. Советтер Союзунун ошол кездеги жол башчысы Йозеф Сталиндин буйругу менен, 1944-жылы Кызыл Армия крым татарларын Казакстанга күчкө салып көчүргөн. Жол азабынан 100 миң чакты киши каза тапкан. Акыркы он жыл ичинде крым татарларынын көбү тарыхый мекенине кайтып келди, бирок алар мурда ээлик кылган жерлерин кайтарып ала албай келатышат.

XS
SM
MD
LG