Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Кошмо Штаттары Филиппинге аскер жиберет


АКШнын президенти Жорж Буш америкалык аскерлер Филиппин армиясына мусулман козголоңчулары менен күрөштө көмөк көрсөтөөрүн билдирди.
Буш Абу Саяф козголоңчуларына каршы канча америкалык аскер жөнөтөөрүн тактаган жок. Вашингтондогу пресс-конференцияда ал Филиппин Кошмо Штаттарына "атайын союздаш" болоорун жарыялады:

- Кошмо Штаттары Филиппинди НАТОго кирбеген ири союздаш деп жарыялоону пландап жатат. Бул биздин өлкөлөргө аскердик изилдөө жана өнүктүрүү ишинде эриш-аркак кызматташып, Филиппинге АКШнын коргонуу жабдыктарынан жана ок-дарысынан пайдаланууга мүмкүндүк берет.

XS
SM
MD
LG